Акыркы кабарлар
» Коом » Нурланбек Бурканов турганда Ош ОИИБ оңолбой калды
Нурланбек Бурканов турганда Ош ОИИБ оңолбой калды
12-декабрь, 12:35


Жакында эле Ош ОИИБнин кызматкерлери катар-катары менен опузалап пара талап кылуу боюнча УКМК тарабынан камакка алынышты. Мындай көрүнүш көндүмгө айлангандай. Үлгү жаратчу “кызыл шапкечендер” ат тезегин кургатпай эле колго түшүп жатышса, эмне дейбиз? Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов өздүк курамын башкара албаса, “эшек жайлоо” болуп атса, ал жерде эмнеге байланып отурат? ИИМдин аброюна сөз тийгизбей кетип эле калбайбы? Ансыз да Ош ОИИБнин жалпы курамында башкаруу начар экени дайыма сынга алынып келет. Эске салсак, чоң жыйында Нурланбек Бурканов “биздин кызматкерлер пара албайт” деп УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге сөз берген. Көрсө, алдаптыр да. Андан бери кедеринен кетип, Ош ОИИБнин аброю төгүлүп атат го...











