Сандык кени кечиккен мүмкүнчүлүк, бирок бүгүнкү күндө ишке ашчу сонун долбоор

1960-жылдары Кыргызстанда алюминий өндүрүшүн түзүү боюнча ири долбоор даярдалып, бирок ишке ашпай калган. Бул Жумгал районундагы Сандык нефелиндүү сиенит кенин иштетүүгө багытталган стратегиялык демилге эле. Тилекке каршы, ошол мезгилде Москвадагы Госплан долбоорду колдобой, ошол эле учурда Тажикстандагы алюминий заводуна жол ачылган. Натыйжада, биздин долбоор кагаз жүзүндө калып, ал эми коңшу өлкө бүгүнкү күнгө чейин бул тармактан чоң пайда көрүп келет.
Бүгүнкү күндө бул маселеге кайра кайрылуу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ал убакта негизги тоскоолдук болгон электр энергия маселеси азыр чечилүүгө жакындап турат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү электр энергиясы талап кылынмак. Ошондуктан Көкөмерен дарыясына ГЭС куруу же көмүр менен иштеген ТЭЦ салуу каралган. Каражаттын тартыштыгы жана инфраструктуранын жоктугу себеп болуп, долбоор токтоп калган.
Сандык кени ири минералдык база. Ал жерде болжол менен 200 миллион тонна нефелиндүү сиенит запасы бар экени аныкталган. Бул чийки заттан алюминий өндүрүшүнүн негизги компоненти болгон глиноземди, ошондой эле кошумча рубидий, поташ, кремнезем жана кальций метасиликатын алууга мүмкүн.
Азыркы шарттар бул долбоорду кайра жандандырууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүүдө. Кара-Кече көмүр кенинин базасында ТЭЦ куруу пландалууда, бул электр энергиясы маселесин чечет. Мындан тышкары, темир жол курулушу Кочкорго чейин жетип калды жана келечекте Кара-Кечеге чейин улантылса, логистика маселеси да толук чечилет. Комбинатты Жумгал менен Кочкор райондорунун чек арасына, Кызарт белине жакын жайгаштыруу ыңгайлуу болмок.
Ачык ыкма менен казуу аркылуу бул кенди 20–25 жыл бою туруктуу иштетүүгө болот. Экономикалык эсептерге ылайык, 2000-жылдардын башында глиноземдин баасы 200 доллардын тегерегинде болсо, азыр ал 1000 доллардан ашты. Бул долбоордун кирешелүүлүгүн бир нече эсе жогорулатат. Алгачкы эсептөөлөр боюнча, 20 жыл ичинде таза киреше 9 миллиард долларга жетмек.
Мындан тышкары, долбоор миңдеген жумуш орундарын түзүп, Жумгал, Кочкор райондорунун жана жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жол ачылат.
Узак жылдар бою көтөрүлбөй келген бул маселе бүгүнкү инфраструктуралык өзгөрүүлөр – ТЭЦ курулушу, темир жолдун кеңейиши жана Көкөмерен аймагындагы гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр менен жаңы шартта кайрадан актуалдуу болууда. Эгер бул долбоор ишке ашса, ал Кыргызстандын өнөр жай тарыхындагы эң ири жана стратегиялык кадамдардын бири болмок.
Дүйшөнбек Камчыбеков, Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору











