Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка чыкпаса, анда эл көтөрүлүп кетеби?

Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка чыкпаса, анда эл көтөрүлүп кетеби?

05-январь, 01:36
2 230 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Туура бир айдан кийин Садыр Жапаров түрмөдөн чыгышы керек. Себеби, жатак абакка чыгуу мөөнөтү келди. Түрмө жетекчилери бир эмес, эки жолу эсептеп чыгышып, “2020-жылдын 5-февраль күнү жатак абакка чыгат” деген справка беришти. 

Мындан туура эки ай мурда “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен 20 жылга соттолгон Алтынбек Муралиев жатак абакка чыккан. Ал эми 10 жылга соттолгон Садыр Жапаровдун мыйзамдуу мөөнөтү 5-февраль күнү келет. Алтынбек Муралиев 20 жылга соттолгон мөөнөтү менен кантип эки ай мурда чыгып кеткени түшүнүксүз. “Түрмөгө жыландын баласы да жатпасын” деген түшүнүк бар кыргызда. Анын сыңарындай, биз Алтынбек Муралиевге тескери оюбуз жок. Башкаларга каралган мыйзам Садыр Жапаровго да иштеш керектиги боюнча талап коебуз! Түрмөлөрдөгү элдин баарына колдонулган мунапыс жалгыз Садыр Жапаровдон “буйтаганы” кандай? Төрт айдан бери мыйзамдуу ырайымы берилбей жатат. Эми жатак абакка да чыгарылбаса, анда эл көтөрүлүп кетүү коркунучуна барып калат го?..


Замирбек Базарбеков, адвокат 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер