Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Шабданов: “Кышкы туризмди өнүктүрүүгө жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар тарабынан аракеттер болууда”

Эльдар Шабданов: “Кышкы туризмди өнүктүрүүгө жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар тарабынан аракеттер болууда”

28-ноябрь, 17:34
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү менен маек.

-- Кышкы туризм боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Туристтерди тарта алчудайбызбы?

-- Кышкы туризм боюнча бир канча жылдан бери иш аракеттер болуп келет. Буга бир эле мамлекет тарабынан эмес, жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар тарабынан аракеттер болууда. Буга чейин Швейцариялык уюм тарабынан жакшы долбоор өткөн. Эл аралык деңгээлдеги бир канча блогерлерди алып келип, Кыргызстандын тоолорун, базаларын көрсөтүп, маркетинг, реклама иштери уюшулган. Андан тышкары, жалгыз эле кышкы туризмди эмес, жалпы туризмди өнүктүрүү боюнча бир канча демилгелер көтөрүлүүдө. Анын ичинде “Туризмди өнүктүрүү” фондун, “Туризм департаментин” айта кетсек болот. Булар жыл сайын кышкы сезонду ачуу боюнча иш-чараларды өткөрүшөт.   

Туризмге болгон талапты эң биринчи өзүбүздүн элибиз көтөрүп жатат. Өзүбүз деле байкасак, Чуңкурчакта, борбор калаабыздын айланасында эс алуучулар аябай көп болот. Унаа тыгындары жаралат. Бул ички инвесторлорду кызыктырбай койбойт. Бир топ тааныштарым кызыгып, мага өз долбоорлорун көрсөтүп жатышат. Кышкы туризмге байланыштуу бир чоң көйгөй бар: тоолорду, базаларды тандаганда бийиктигин дагы караш керек. Анткени мурдагы бийиктикте базаны уюштурууга болбойт. Андан да бийигирээк болуш керек. Анүчүн жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Буюрса келечек алдыда. Акырындан иш жылып келе жатат. Мисалы, ошол эле Россиянын жарандары башка деле бара турган жерлери жок, бизге келиши мүмкүн. Ошондуктан учурдан пайдаланып калганыбыз оң. 

-- Кышкы туризмде көзгө көрүнүктүү базабыз кайсы?

-- Көзгө көрүнүктүү база катары Караколду айтсам болот. Каракол КМШ өлкөлөрү боюнча эң алдыңкы он жакшы базанын катарына кирет. Бирок бул КМШнын стандарттары боюнча алганда. Ал эми эл аралык, европалык стандарттарга жете элекпиз. Ошондуктан муну менен токтолбой, ошого жетишибиз керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер