Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Мен Каныбек Капашовичтин ишмердүүлүгүнө, анын көрөңгөсүнө ишенем”
-- Мирлан мырза, жакында эле улуттук жазуучулар кошуунунун курултайы өттү. Сиз акын, чыгармачыл инсан катары бул уюмдун милдетин эмнеден көрөсүз?
-- Жазуучулар кошууну – бул жөнөкөй эле коомдук уюм эмес. Ал тамыры, тарыхы бар уюм. Ошондой болгон соң, ал келечекте кандай болушу керек? Китептерди чыгарып, жылдын мыкты авторлорун аныктап атат. Бөлүнгөн бюджеттин деңгээлинде конкурстар, сынактар өтөт. Андан сырткары, “Ала-Тоо” журналы жанданат, Кудай буюрса. Бул журналды илгери чабандар, дыйкандар кончуна салып окуган. Ошону менен азыктанып, интеллектуалдык деңгээли өскөн. Бүгүн да ага эл издеп окуган мыкты чыгармалар жарыяланып, авторлорго калем акылар төлөнүүгө тийиш. Жазуучулар кошуунунун негизги милдети – жаңы ысымдарды чыгаруусу зарыл. Баарыбыз билебиз, биздин улуттук валютабызда чыгармачыл аинсандарыбыздын сүрөттөрү турат. Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу адабияттын өкүлдөрү Эл Баатыры болушкан, туурабы? 1960-80-жылдары Муратбек Рыскулов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев сыяктуу ысымдар чыккан. Бүгүнкү XXI кылымда да Айтматовдор, Саякбайлар, Сүймөнкулдар чыгышы шарт. Улуттук жазуучулар кошууну ошондой ысымдарды чыгарган уюм болуш керек. Эл аралык алакалар түзүлүп, байланыштар чыңдалып, чыгармалар англис, немис, француз сыяктуу дүйнөлүк тилдерге түз которулууга тийиш. Азыр эл адабиятка суусап турган кез. Ушундай учурда биз жаназык берели. Жаназыкты берип, идеологияны жүргүзө турган – бул жазуучулар кошууну. Биз күнүгө үч маал тамакты ашказаныбыз үчүн жесек, бир маал азыкты “башказаныбыз” үчүн жешибиз керек.
-- Жазуучулар кошуунунун жетекчилигинин жаңы курамы сизди канааттандырдыбы?
-- Ошол күнкү шайлоодо башкармалыкка мүчө болгон 120 киши добуш берди. Анын жыйынтыгы боюнча төрагалыкка экинчи турдан Каныбек Иманалиев өттү. Мен Каныбек Капашовичтин ишмердүүлүгүнө, анын көрөңгөсүнө, сырткы байланыштарды түзүп, чыгармачылык иш-чараларды эл аралык деңгээлде уюштуруп, китептерге жаңы редакциялык көз караштарды киргизе аларына ишенем. Менин оюмча, башкармалыктын мүчөлөрү да ишенгени үчүн шайлап беришти. Жаңы курам, менимче, жакшы түзүлдү. Албетте, алардын ишмердүүлүгү тууралуу “мындай-тигиндей” деп айтканга азырынча эрте. Бирок, жазуучулар кошууну жөн гана турган уюм болбошу керек, тынымсыз иштөөгө тийиш. Буга чейинки жетекчиси Нурлан Калыбеков мыкты иштерди жасап кетти, мындан аркысы андан эки-үч эсе жакшы болушу кажет.
-- Өз кезегенде Жогорку Кеңеш жазуучулар кошуунуна кандай жардам бере алат?
-- Өзүңүздөр билесиздер, чыгармачыл союздар жөнүндө мыйзам бар. Биз ошол мыйзамды өзгөртүп, түзөп беришибиз керек. Бул биринчиси. Экинчиси, мурунку төрагабыз Талант Турдумаматович да, азыркы төрага Нурланбек Турганбекович дагы жазуучулар кошуунуна өзүнүн фондунан акчалай жардам берип келатат. Бүгүнкү күндө президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт – баарыбыз маданиятка, адабиятка көңүл бурууга тийишпиз. Ошондо элдин аң-сезими өсөт, руханий дүйнөсү байыйт. Ошондо көчөдөгү төңкөрүш эмес, көкүрөктөгү, акыл-эстеги төңкөрүштөр болот.