Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Элди шайлоого жапатырмак катышканга чакырбасак болбойт”

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Элди шайлоого жапатырмак катышканга чакырбасак болбойт”

06-ноябрь, 19:30
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова сиз демилгелеген жарандардын шайлоолорго милдеттүү түрдө катышуусу тууралуу долбоорго комментарий берип, “шайлоо укугу милдет болбошу керек” деген пикирин айтты. Сиздин долбоор чындап эле жарандарды сөзсүз шайлоого катышууга мажбурлап коюп жаткан жокпу?

-- Акыркы беш-он жылдагы шайлоону алып көрсөк, ага жалпысынан 30 пайыз эле адам катышат. Андан да төмөндөп баратат, акыркы Ленин шайлоо округундагы шайлоодо 13 пайызга чейин түштү. Шайлоого болсо канчалаган каражат короп атат? Биз келечектеги урпактарыбызга өнүккөн мамлекетти калтырышыбыз үчүн татыктуу тандоо керек. Эгерде шайлоого элдин 90-100 пайызы катышчу болсо, бир жагынан добуштарды сатып алууга бөгөт коюлса, экинчи жагынан эл татыктуу инсандарды тандайт эле. Ал эми укук жана милдет жагына келсек, укук качан бузулат? Кимдир бирөөнү кайсы бир партияга, же адамга добуш берүүсүн мажбурласа, ошондо укук бузулат. А биздин долбоордо болсо ар бир жаран мамлекет үчүн өзүнүн милдетин аткарып койсун, бийлик элдики болгон соң, эл ошол бийлигин толук кандуу колдонсун деген эле ниет. Дүйнөлүк практиканы алып карасак, он үчтөй өлкөдө шайлоого катышуу милдет экен. Түркияны эле мисалга алсак, жер титирөөдөн кийин кайгырып турган эл дагы 70-80 пайыз шайлоого катышып атат. Бул өзүнүн мамлекетине кам көрүү эмеспи!

-- Эгер жаран шайлоого келбей койсо, кандай жоопкерчилик тартат?

-- Шайлоого келбей койгон адамдарды “эмне үчүн 5 жылда бир болчу шайлоого мындай кайдыгерлик кылдың?” деп жок дегенде уяткарып коюш керек. Же справка сурап келсе, бир ай бербей койгон вариантты карап көрсө болот. Тилекке каршы, менин долбоорум колдоо тапкан жок. 

-- Анда долбооруңуз ушул бойдон калабы, же жаңы вариантын сунуштайсызбы?

-- Өзгөртүп, жаңылап, кайрадан сунуштайм, Кудай буюрса. Элди шайлоого жапатырмак катышканга чакырбасак болбойт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер