Карачач Чокморова: “Сүймөнкул Көкөмерен суусуна агып, өпкөсүнө, бөйрөгүнө суук тийгизип алган...”

“Сүймөнкул Чокморовду сыйлабаган кыргыз жок болуш керек, анын ичинде мен да бармын. Ал киши менен биз тууган да болуп кетебиз, уруубуз (жетиген) бир, алтынчы атадан барып биригебиз”. Ак элечек башынан түшпөгөн 90 жаштагы суйкайган бул апа Сүймөнкул Чокморовдун жеңеси болот. Биз бүгүн атайын маектешкени келген үй Сүймөнкул ага жашап калган үй экен, “бул жерден суу ичип, колун жууган турбайбы” деп көз чаптырдык. Канткен менен агам эмеспи деп, апа экөөбүз отуруп дасторкон үстүндө ага куран багыштадык.
Апа “Сүймөнкулум” деп сүйлөйт экен. “Көзүм өткүчө үй музей кылсам, антсем, минтсем экен” деп ыйлап отурду. Жасалмасы жок, жаны менен күйүп отурганына таңгалдым. Жеңесиндей эмес эжесиндей, апасындай экен. Сүймөнкул Чокморовдун бүт конокторун жалгыз ушу жеңеси тоскон. Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевге окшогон кинонун, адабият, маданияттын өкүлдөрүнө, чет элден келген конокторго этти устукандап, казы-карта, чучук кесип, кымызын, ашын жайнаткан экен бул апа. Алтургай дүйнөгө аты чыккан япон режиссеру Акира Куросава конокко келип, апанын казы-чучугунан ооз тийип, кымызын ичип кеткен тура (Акира Куросава Сүймөнкул Чокморовду “Дерзу Узала” фильмине тартып, кыргыз уулунун сулуулугуна, мырзалыгына суктанган адам болгон – Д.Б).Сүймөнкул аганын бутунун кан тамыры жарылып кетип, жеңеси башындагы жоолугу менен бутун байлап алып, экөө доктурга келген күндөрү да болуптур.
Апа экөөбүз узакка сүйлөштүк. “Динара, мен кут даарыган аялмын, сага жолугарымды билгем. Бирөөгө сүйлөп берейин деп жүрчү элем, түшүмө Сүймөнкул кирип, аян берди, мен сүйлөп бере турган адамга жолугат экем деп түш жоругам” деди апа. Өзү Сары Өзөн Чүйдүн “Ак элечек энелер” коомун жетектейт, коомдук иштерге активдүү катышат ушул күнгө чейин.
“Сүймөнкул оорусунан айыгып кетсе экен” деп эчкиден бери сааганын айтып, айтор, узун сабак кебибиз сандан-санга улана тургандай жазылып калды.
“Кыргыз” деп жашап өтүп кеткен чыдамдуулугу, эрктүүлүгү жанда жок агабыздын арбагы ыраазы болсун.
Сүймөнкулдун бала чагы
-- Чокмор атабыздын 11 баласы болгон экен. Сүймөнкулду “көкүрөк күчүгүм” деп кайда барса учкаштырып, ала жүргөн. Ошентип, 4 жашынын ат мингенди үйрөнгөн. Ошол аттын кулагы менен тең ойногону кийин кинодо көп пайдасы тийди. 1954-жылы “ата, мен сүрөт окуу жайына тапшырдым” деп айылга келет. Атасы “адам болбой туруп сүрөтчү боло албайсың” дептир бир ооз гана. Өзү бир сүйлөгөн киши эле...
Сүймөнкул адам болду. Анүстүнө анын туулган жылдары 1939-1941-жылдардагы репрессияга, кийин Улуу Ата мекендик согуш, ачарчылык, 1955-жылдардагы согуштун убагындагы кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү, каатчылык жылдарга туш келген. Башынан кыйынчылык өткөн адамдын – адам болмогу турулуу иш. Ушундай кыйынчылык маалда атабыз Чокмор, энебиз Какин кичиненекей эки бөлмөлүү жер тамда 11 баласын тең окутуп-чокутуп, адам кылып тарбиялашкан.
Тойдогу тамаша
-- Жаңы келин болуп келдим. Намырбек биринчи жубайы менен ажырашып кеткен экен. Мурдагы жубайы КТРде иштеген Роза Рыскелдинова. Ортолорунда үч баласы бар. Менин да экинчи турмушум. Жаш кезимде мени ала качып кетип, жашай албай, бир кызым менен ажырашып кеткем. Тагдыр буюруп, баш кошуп калдык...
Биз көлдүктөр тытынып иштейбиз, булар антишпейт экен. Чүйдүн эли жулунбаган, жулкунбаган, айлык менен жашаган өтө жөнөкөй, чынчыл, башкача эл келишет. Намырбек “мен өзүм чеснок айдап, сатып, бир чоң кой алдым, той берем” деди. Сүймөнкулду ошол күнү көрдүм. Элди күлдүрүп, сүйлөп, ырдап отурду. Комуз да чертип, башка аспаптарда да ойноп, жаныбыздагылырды туурап жатат. Маңдайымда Сагынай деген чүйрүйгөн киши отурган, ошону туурады эле өзү болуп калды. Келин болуп келгенимди унутуп калып эле каткырып күлө берипмин. Бир убакта жеңем саныман чымчып алды, “ай, сен театрга келген жоксуң, келин болуп келдиң, оозуңду жаап отур” деп. Уялып калдым.
Кийин Рыскелдинова Мусаев деген кишиге турмушка чыккан, балдарды өзүбүз карадык. Мусаевден бир кызы бар болчу, аны да өзүм бактым эле, өлүп калбадыбы (апа жашып, көзүнүн жашын сүрттү). Ошонун кызы “2” алып калыптыр. Ал убакта Сүймөнкулдун аты дүңгүрөп турган. Тиги кызым ыйлаганынан, “ушу кызды бирдеме кылып сүйлөшүп бер, окуп бүтүп алсын” дедим. Бирдеме болсо эле “Сүймөнкул сенден башка эч кимди укпайт” деп мени жиберишчү. “Олдо жеңем ай, мынча таза адамсыз? Ичиңиздин баары көрүнүп турат мага. Бир кымындай караңыз жок, кандай адамсыз? Аталуусун, атасызын да окутамбы?” деди. “Жеңеңдин арбагы ыраазы болсун, өткөрүп кой, балам. Кетип калса да бир кезде жеңең эле” дедим. Сүймөнкул менден жети жаш кичүү, ошентсе да көбүнчө балам деп сүйлөчүмүн.
Кудайга ишенген адам эле
-- Сүймөнкул бардык ролдорду дублерсуз ойноду. “Караш-караш” кинофильминде Көкөмерен суусуна агып, өпкөсүнө, бөйрөгүнө суук тийип, ооруканага жатты. Анан жакшы айыга электе “Жамийла” кинофильмине тартылып, 100 кило буудай көтөрүп, өпкөсү солкулдап козголуп, кайрадан ооруканага жатты.
“Жалаң эркектер” киносунда Касымдын ролун аткарып, аскадан учуп бөйрөгү менен ташка тийип, жарылып кетти. Баары ошол жерден жайрады. Режиссер Видугиристин жолу жаман экен. Мурда мейли бир бөйрөгүнө суук тийиптир, экинчи бөйрөгү ошол “Жалаң эркектер” киносунда тартылып атканда жарылып кетти да. Анда да ооруканага жатты. Бир тууганы Сүйөркул “бөйрөгүмдү берем” деп калганда бөйрөктөрү Кудайдан болуп кайра иштеп калды.
Тездик менен эле дүйнөгө аты чыгып, ар кай жактан “киного тартабыз” деген сунуштар түшүп, дүңгүрөп калды. Ошондо да көпкөн жок, зыңгырап бир калыпта жүрдү. Япон режиссеру Акира Куросава да “киного түш” деп чакырды. 1973-жылы Өзбекфильм тарткан “Жетинчи ок” киносу Каир шаарында көрсөтүлүп, Араб өлкөлөрүнө дүңгүрөдү. Араб интеллигенция өкүлдөрү киного Чокморовду көрөбүз деп келишерин айтышчу экен.
Сүймөнкул Кудайга ишенген адам эле.1978-жылы Меккеден алып келген теспесин өлөр-өлгүчө жоготкон жок. Ал ошол Жаратканга болгон сүйүүсү менен өзүнөн күчтүүгө жагынып, пас болбой, өзүнөн төмөнгө текеберленбей, өз жолун таба алды.
Уктап жаткан Таттыбүбүдөн көзүмдү алалбай...
-- Түркмөнстанда “Аял киши ат токуганда” деген кино тартылып, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжандан үчтөн аял барып тартылмак экен. Кыргызстандан мен, Сабира Күмүшалиева, дагы бир келин болдук киного түшө турган. Москвага кетип атабыз. Мени Сүймөнкул коштурган. “Жүрөгүң ооруйт, биротоло мыкты врачтарга көрсөтө келем” деп. Жолдошум эски аэропортто узатып жатат, кеч күз эле. Карасам эле жаркыраган бирөө келе жатат. Жакшылап карасам Таттыбүбү тура. Кийин билсем ичинде кири жок, ачык-айрым жан экен. Жеңил ак пальто кийип алыптыр. Алар Москвага “Уркуя” фильминин бетачарына кетип атышкан экен. Сабира эже, мен, Сүймөнкул болуп турсак, “ой, Сүкө, кандайсың?” деп келип эле Сүймөнкулдун мойнуна асылып кучактап, өөп калды...
(Уландысы бар)