Алтынбек Сулайманов “журналисттерди сотко берүү – алсыздык” деп белгиледи


«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов TMGнын «Ачык талкуу» программасында «журналисттердин үстүнөн арыз жазып көрдүңүз беле?» деген суроого жооп берип жатып, ушундай пикирин айтты. Анын айтымында, турмушта бир да жолу журналисттер менен конфиликтке бара элек. Бирок, басымдуу ЖМКлар ал тууралуу түрдүү жаман-жакшы пикирлерди жазып эле жүрүшөт.
«Өмүрүмдө журналисттин үстүнөн арыз жазып көргөн эмесмин. Алдыда бирдеме деп айтыш кыйын. Туура эмес маалымат тарап, түрдүү кырдаал жаралып калышы мүмкүн. Андай болгон учурда дагы мен журналистке далилдөө жолдору менен түшүндүрүп, пикир келишпестикке барбоого аракет кылам. Менин жашоо принцибим ошондой – бирөөнүн үстүнөн арызданбайм».
Сулайманов “журналисттерди сотко берип коркутуу – ошол адамдын алсыздыгы” деп ойлойт. Ал Кыргызстанда журналисттер үчүн мыйзам дайыма иштээрин айтып, коопсуздугу толук каралганын кошумчалады.
"Азия Ньюс" гезити