Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эми светке болгон кымбаттатууну эл көтөрө албайт”

“Эми светке болгон кымбаттатууну эл көтөрө албайт”

07-апрель, 20:52
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кымбатчылыкка эл чыдайбы? Ансыз да күнүмдүк оокаттарды алуу кыйын болуп атса, май айында светке тариф көтөрүлсө, карапайым калк каржалып калбайбы?

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты:
-- Чынын айтыш керек, элеттеги элге кымбатчылык абдан күч келтирип жатат. Элет эли эле эмес, шаар тургундары да кымбатчылыкка чыдабай калды. Айлык маяналар индексация болгону менен аны инфляция жеп коюуда. Өлкөдөн капитал 30 жылда болуп көрбөгөндөй чыгып кетти. Бизнес качты. Мына ушунун баары элдин жай турмушуна кедергисин тийгизүүдө. Ал эми электр энергияга тариф боюнча айтканда, эми светке болгон кымбаттатууну эл көтөрө албайт. Эл өкмөткө ишениш үчүн эң ириде Ширшов өңдүү электробарондорду камап, алардын мамлекетке келтирген зыянын аныктап чыгыш керек эле. Булар тескерисинче, Ширшовдун кадрларын электр тармагына жетекчи кылып, кайра тарифти жогорулатып жатат. 30 жыл аралыгында эң көп кредит жол жана электр тармагына алынган. Ал каражаттарды тармакты инвентаризация кылып, кеткен акчалардын учугун тапмайынча, эл электр тарифтеринин жогорулашын көтөрө албайт.

Темир Бирназаров, режиссёр:
-- Менин баамымда, кыргыздар баардык кыйынчылыкка чыдайт, бир гана адилетсиздикке чыдабайт.
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер