Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Сапаралиев: “Экономика өссө, тышкы карыз коркунуч жаратпайт”

Таалайбек Сапаралиев: “Экономика өссө, тышкы карыз коркунуч жаратпайт”

27-февраль, 20:52
2 563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөнүн тышкы карыздарын төлөөдө проблемалар жаралса, ири объектилерди алдырып жиберери президент тарабынан айтылды. Дегеле тышкы карыздарды кайтарууда кайсы өлкөлөрдүн алдында кандай коркунучтар бар? 

-- Кыргызстан чет мамлекеттерге 4 миллиард 81 миллион доллар карыз. Бул мамлекеттик карыздын көлөмү тарыхый максимумга жеткен 2017-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 8 миллионго гана аз экенин белгилей кетели. 

Өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызынын көлөмү тездик менен өсүүдө. Азыркы сандар 2017-жылдагы эң жогорку чекке жакындап баратат. Анда мамлекеттик карыздын суммасы 4,09 миллиард долларга жеткен болчу. Буга карабастан жыл ичинде адам башына карызды эсептей келгенде 713 доллардан 626 долларга чейин азайды. Бирок, бул өлкөдө төрөлүүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу. 

Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын алдында. Бул мамлекетке өлкө 1 миллиард 774 миллион доллар карыз (Кытайдын экспорт-импорт банкы). Японияга 238 млн. доллар, Түркияга 89 млн. доллар, Германияга 76 млн., ал эми Эл аралык валюта фондуна 379 млн. доллар, Ислам өнүктүрүү банкына 95 млн. доллар карыз бар. Калган карыздар башка мамлекеттерден жана банктардан алынган. Алар 30-50 млн. доллардын тегерегинде...  

Азыркы карыз өлкөнүн дүң продукциясынын 54%ын түзөт. Ошол эле учурда ушул көрсөткүч боюнча Американын карызы өлкөнүн дүң продукциясынын 149 пайызын, Казакстандын карызы 94%, Эстониянын карызы 110%ды түзөт.   

Ал мамлекеттер эмне үчүн коркпой карыз алышат? Анткени экономикасы иштейт. Бизде экономика эмнеге иштебейт? Анткени дайыма саясый кризис. Сасый кризисти токтотуп, экономиканы көтөрүш керек. Бул багытыбыз өсүп кетсекарыз коркунучтуу эмес. Экономиканын инфраструктурасын куруу зарыл. Электр энергия болбосо, жол болбосо, экономика өнүкпөйт. Жолдорду, электр энергияны курганга жеңилдетилген насыя алган туура. Бирок, ошол эле убакта өндүрүштү да көтөрүү керек. Буга элдин ынтымагы талап кылынат. Саясый кризистен чыгыш керек. Эгер бирин-бири күнөөлөй берсе, саясый кризис бүтпөйт.

-- Кыргызстан тышкы карызга жыл сайын 20-30 млрд. сом бөлүш керек экен. Ал эми 2025-30-жылдары бул сумма эки эсе көтөрүлөрү белгиленди. Карыздан кутулуунун башка бир жолдору барбы (климат жана экология боюнча программаларга алмашуу жөнүндө айтылды эле…)?

-- Бул жеңил акча алгандын бир түрү. Ооба, гранттарды, кайра төлөбөгөн акчаларды алыш керек. Бирок, бул негизги жол болбошу абзел. Негизги маселе өлкөнүн дүң продукциясын көтөрүүдө турат. Түштүк Корея “Самсунг” фирмасын элдин акчасынан баштаган. Бизде акционердик коомдорду өнүктүрүп, элдин акчасын өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшоо зарыл.    

-- Карыздан кутулуу боюнча атайын эсеп ачылбады беле, ушуга окшогон жардамдардын эффективдүүлүгү кандай болот дейсиз? 

-- Мындай эсептерди өндүрүштү өстүрүү, жумушчу орундарды камсыз кылуу үчүн ачыш керек. Салык көбөйсө гана карыздар өзүнөн-өзү төлөнөт. Бизге жакшы менеджерлер, жашы идеялар жетишпейт. Мисалы, Африкада эң көп кен байлыгы бар мамлекеттер эмнеге өнүкпөй атат? Негизги себеби элдин ынтымагы жана билимдин жетишсиздигинде.  


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер