Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров эмне себептен көмүр көйгөйү жаралганын айтып берди

Садыр Жапаров эмне себептен көмүр көйгөйү жаралганын айтып берди

09-ноябрь, 17:48
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Бул чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

“Кыргызкөмүр” ишканасында жайы менен саботаж болгон, ал азыр деле уланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров коомдо катуу талкуу жаратып жаткан көмүр маселеси боюнча Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип жатып айтты. Ошондой эле президент бул саботажга коррупцияны жок кылуу аракеттери себеп болуп жатканын кошумчалап, шылуундук иштер кандай жол менен ишке ашарын айтып берди.

“Мисалы, Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Чындыгында ал көмүрлөр кагаз жүзүндө гана калат. Кийин алардын ордун толтуруу үчүн Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет. Ошентип ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн. Ошон үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук” деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында тоскоолдуктарга карабай ӨКМдин бардык техникаларын көмүр кендерине жардамга киргизип, көмүр казуу тездетилгенин кошумчалады. Ошондой эле коррупциялашкан иштерди иликтөө уланып жатканын билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер