Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары


(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)
2. Мекенчилдик же Ата журтуңду Каныкейдей сүй, ак калпак кыргызга Каныкейче күй!
Мекенчилдик (патриоттуулук) кыргыз адеп-ахлагынын борбордук түшүнүктөрүнүн бири. Мекенчилдик эл-жерге, Ата журтка, өз өлкөсүнө болгон атуулдук сүйүү, аларга жандили менен берилип кызмат кылуу, мекен алдындагы жарандык жоопкерчиликти терең сезүү, бир боор эл-жер үчүн керек болсо кара башты курман чалууга даяр туруу деген түшүнүктү берет. Дал ушундай мазмундагы мекенчилдик – өлкөнүн тиреги. “Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн Ата журт!” (Алыкул) деген жарандык рух мекенчилдиктин жогорку көрүнүшү. Ушундай патриоттук рух илгертен мекенди жоготпой сактап келген жана мындан ары да сактамак. Ата журтту, элди бийик курулган чеп, сепил, коргон сактай албайт, рух сактайт, каарман уул-кыздардын мекенчилдиги сактайт. “Манас” эпосу эмне үчүн улуу класcика деп аталат? “Манас” эпопеясы өзүнүн мекенчил руханияты жана патриоттук философиясы менен улуу.
Улуу мурасыбыз “Манаста” эң оболу эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте Ата журт ыйык, эл улук. “Манаста” Ата журт менен эл бири-биринен ажырагыс эгиз түшүнүктөр. Ата журтсуз эл карып, элинен, калкынан ажыраган Ата журт жетим. “Манастагы” трагедия ырайымсыз баскынчы жоодон чабылып-чачылып, ак калпак калктын (“бири кетти Алтайга, бири кетти Каңгайга, бир кетти Эренге, бири түшүп кетти тереңге”) Ата журтунан ажырагандыгына байланышкан. Тентиген бурут атыгып, душмандын көзүн карап, кор болуп күн көргөн алтайлык кыргыздын күнкөр тагдыры, ошол Алтайдагы ак элечек байбичелердин, ак сакалдуу карыялардын “кара өзөн кайда, бел кайда, аталаш кыргыз эл кайда?.. деп ыйлаган муң-зары, саргайган сагынычы адам баласы үчүн тууган жердин – Ата журттун канчалык зарыл жана ыйык экендигин күбөлөп турат. “Туулган жердин топурагы алтын” деген сөз бекеринен айтылбаптыр да.
Бир сөз менен айтканда, улуу “Манас” эпосунда Ата журт эң жогорку дөөлөт, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык баалуулук. Кыргызда “басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин” деген сөз бекеринен айтылбаган. Ата журт жана атуулдук сүйүү – бул экөө бири биринен ажырагыс. Ашып-ташкан атуулдук сүйүүсүз Ата журт бактысыз. Манастын, Бакайдын, Кошойдун, Каныкейдин, Чубактын, Сыргактын атуулдук сүйүүсүнөн ыйык Ата журтубуз – Ала-Тоо көгөрүп-көктөгөн. Ата журт – кыргыздын фундаменталдык кенчи. Манастын мекени – О, Ала-Тоо, түбөлүк тур!
“Манас” баатырды мекенчилдиктин символу десек жанылышпайбыз. Айкөл Манас атабыздын каарман атуулдугу жөнүндө кеп кылсак, сөз түгөнбөйт. Бирок биз бул ирет шер Манастын жары, эпосто “калк энеси” деп аталган, аялзаттын тунугу, ак жоолуктун улугу Каныкейдин мекенчил руханияты жана патриоттук каармандыгы жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Эмне үчүн Каныкейди мекенчилдиктин өрнөгү дейбиз? Эмесе, кеп мында.
“Абыке-Көбөш алты арам” менен болгон кандуу кагылыштан кийин жөө-жалаңдап Букарга кетип жатып, Каныкейдин «кең Таласты кыя албай, көзүнүн жашын тыя албай» эл-жер менен коштошуп турганын угуп-көрүп туруп, кошо ыйлабай коё албайсың:
Атпай элдин ардагы,
Айланайын Манасым!
Алтын бешик – тууган жер.
Кагылайын Таласым!
Өйдө бассам бөбөгүм,
Мүдүрүлсөм жөлөгүм,
Төбөмдөгү жылдызым,
Баарыңардан айрылдым,
Кырк уруу кайран кыргызым!
Кектешкен жоого камынган,
Көк жолборстой чамынган,
Айкөлүм, сенден айрылдым,
Азапка түшүп кайгырдым.
Арманы болбос адамдын
Көмүлсө сөөгү жеринде!
Телчигип кайра келе албай,
Кайран элди көрө албай,
Калбасак экен көкжалым,
Алда кимдин жеринде!
Өсүп-өнгөн кең Талас,
Элиң менен аман бол!
Көз мелжиткен кең өзөн,
Белиң менен аман бол!
Муңга толгон кан Бакай,
Чалың менен аман бол!
Келеңкер чачпак, боз улан,
Жарың менен аман бол!
Жайлап жаткан төрт түлүк
Малың менен аман бол!
Кайрылып жерди карасам,
Кара боорум эзилет,
Карай берсем көз тойбой,
Кара көзүм тешилет.
Как жүрөгүм жарылып.
Кабыргам менин эзилет.
Каңгырап кеткен биз шордуу,
Кагылайын кең Талас,
Кай күнү сага кезигет?!
Кайда жүрсөм кең Талас.
Кетпессиң менин эсимден,
Жетимиңди жеткирбей,
Кандуу жаш кетпес көзүмдөн.
Көргө кирип кеткенче,
Атпай кыргыз тууган журт,
Айланайын кең Талас,
Үзбөймүн үмүт өзүңдөн!
Тентиреп жүргөн жетимиң,
Жетимим келип элине
Унчугар бекен төшүңдөн!
Не деген күйүт, эмне деген арман, эмне деген кайгы! Жүрөктүн жарылып чыккан не деген укмуш муң! Өзүнүн трагедиялуулугу жана жүрөк-жүлүндүн атылып чыккандыгы, психологиялуулугу жана көркөмдүк кудурет-күчү жагынан Каныкейдин бул коштошуу монологу Манастын алиги Чоң Казаттан кайтып келип, Аруукенин алдында өксөгөн монологуна теңтайлаш. Бул монолог «Манастын» көркөмдүк-эстетикалык дүйнөсүнүн көкөлөп көккө чыккан өтө бийик чокуларынын бири. Бул коштошуу арманы Каныкейдин жандүйнө тереңинде кандай сыр, кандай кымбат нерселер катылып жаткандыгын аңтарып тышка чыгаргандыгы менен да уникалдуу. Караңызчы, Каныкей элин, кыргыз жерин кандай сүйгөн! Манасты кандай сүйсө, ак калпак калайык-журтун, калдайган Ала-Тоону, касиеттүү кең Таласты дал ошондой кан-жаны менен берилип сүйүптүр. Кыргыз эл-жери Каныкей үчүн кандай гана кымбат. Караңызчы, мекенинен ажырап жатып, Каныкейдин ичинин сыйрылып турганын. Жандүйнөнүн эмне деген марттыгы, эмне деген улуулугу! Тууган эл-жер үчүн кара жанын садага чабууга даяр. Не деген атуулдук күйүмдүүлүк, эмне деген патриотизм чөгүп жатат, бул керемет көркөм саптарда.
Көз жашын тыя албай айтып турган Каныкейдин ушул монологун дагы тыңшап туруп, дагы бир жолу айталы, Манасын, кыргызын, тууган жерин ушучалык берилип сүйгөн жагынан Каныкейдей аялзатын төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айлансак да таппаспыз.
Айкөлдүн өмүрлүк жарынын бул монологунда коштошуунун гана кайгысы эмес, жакшылап үңүлө карасак, кайра кайтып келүүнүн да философиясы уюп жатат. Минтип бир боор эл-жерине «как жүрөгү жарылып, кара көзү тешилип, кабыргасы эзилип» турган пенде тирүү болсо кайра кайтып келбей коюшу мүмкүн эмес. Анан калса, «үзбөймүн үмүт өзүңдөн, жетимим келип элине, унчугар бекен төшүңдөн» деп жатпайбы. Демек, «кош, аман бол! – деген сөз ошону менен бирге эле, тереңинде «келем» деп кан-какшаган доошту угузуп отурат.
Букарга качып бараткан Каныкей үчүн боорундагы көтөргөн баласы – өзүнүн гана үмүтү эмес, «алты арамдын» үстөмдүгүнүн алдында калган бүт кыргыз элинин үмүтү, кыйраган Манас ордосунун үлпүлдөп жанган чырагы эле. “Жүрөгүндө сүйүү бар адам баардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат. Сүйүү десе жалгыз бирөөнө арналган сүйүү эмес, - дейт Айтматов, -- кандайдыр андан да зор, андан да алп турмуш жашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөм жок чоң сүйүү”. “Кең көйнөктүн тазасы, аялзаттын паашасы” Каныкей кыргыз элин, кыргыз жерин ушундай өлчөмү жок чоң сүйүү менен сүйгөн. Чын жүрөктөн чыккан сүйүү Каныкейге Ала-Тоону жана ак калпак кыргызды терең түшүнүүгө көмөк берген. Чынында эле дүйнөнү сүйүү, жакшылык жана сулуулук сактайт деген сөз акыйкат белем.
Каныкей Букарда жашап жүргөндө Таласты, элди-жерди сагынып, ичи туз куйгандай ачышат. Ала-Тоо дегенде жүрөгү элеп-желеп. «Касиетүү кыргызды, кайрылып көрөр күн болсо, баштагыдай болтурса, Таласка кудай кондурса» деп дайыма ак эткенден так этет. «Кең-Колдон чапкан көчүмдү, келберсинген Көбөштөн, кетирбей алсам өчүмдү» деп алты арамдын үстөмдүгүн жоготуп, айкөлүмдүн ордосун ордуна койсом дегенде эки көзү төрт. Басса-турса Манастын арбагына жалынып турат.
Кең-Колум өңдүү жер кайда,
Султаным Манастан калган журт эле,
Кыргызды гана көрөр күн кайда
Бел байлаган белим жок,
Бейпай тартсам мынчалык,
Берендин зайбы деп турган
Берекем кыргыз элим жок!” – деп муңканат.
Киндик кесип, кир жууган жеринде, балалыгы өткөн Букарда, падыша атасынын камкордугунда жашап жүрсө да Каныкей өзүн бактылуу сезе албагандыгына, тескерисинче, ичи күйүп өрт болуп, эки көзү төрт болуп, кыргыз жакты карап, саргарып санаага батканына айраң калбай коё албайсың. Он эки жыл өтүп калса да күйүтү пастабай, күнү бүгүнкүдөй аза күтүп, өмүрлүк жарысыз өзүн тирүү өлүктөй сезгенин, «Талас» дегенде көөдөнүнөн көк түтүн бургуп турганын көрүп туруп, Каныкейдин «Манас» деген «айыкпас оору» менен түбөлүк ооруп калгандыгына жана ак калпак кыргыздын түбөлүк «мажнунуна» айланып кеткенине дагы бир жолу ынанабыз.
Каныкейдин букарда жашаган 12 жылдык улуу мезгили аяктайт. Чынында эле «улуу мезгил» деп аталууга акылуу жылдар… Анткени бул жылдар жөнөкөй гана баш калкалоо үчүн эмес, улуу максат үчүн, кыргыз мамлекетин кайра жаратуу үчүн келечектеги баатырды аман-эсен чоңойтуунун, өстүрүүнүн, даярдоонун улуу жылдары эле. Мына ошон үчүн Каныкейдин Букарда жашаган мезгилин улуу мүдөө үчүн улуу жашоо, улуу күтүү, улуу сабыр жана улуу сагыныч десек жарашат.
Өмүрлүк жары айкөл Манастын керээзин (атаң Темирканга барганда мойнуна тумар тага көр, чунагың Семетейди бага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин, ошондо ата-эне жайын билгизгин, колуна мылтык бергизгин, кайра Таласты көргөзгүн) аткаруу үчүн тикесинен тик туруп, Букардан Семетейди аман-эсен чоңойтуп, кайрадан Ала-Тоого кайтып келип, уулу Семетейдин күчү жана Бакайдын көмөгү менен Таласта “алты арам” кыйраткан Манас ордосунун дубалын кайра тургузушу, “Абыке-Көбөш алты арамдын” элге каршы бийлигин кулатышы, Манас мамлекетинин желегин кайрадан желбиретиши – Каныкейдин улуу патриоттук эрдиги болгон. Бул каарман мээнет, граждандык улуу жүрүм-турум жана рухий баатырдык эпосто Каныкейдин образын чоң масштабга көтөрүп, анын идеялык-философиялык арымын кеңейтип, өлбөс-өчпөс классиканын даражасына көтөргөн кайталангыс факт. Калк энеси Каныкей бүгүнкү Ала-Тоолук кыздарыбыз үчүн мекенчилдиктин бийик үлгүсү.
Каныкейдин кыйын кезеңдүү татаал тагдырына жана «тар жол, тайгак кечүүдөгү» кайратман күрөшүнө күбө болуп туруп, тарыхтын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн түшүп, өлөйүн десең жан татуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде дал ушул Каныкейдей каарман уул-кыздар кыргыздын чырагына май тамызып, кайра күйгүзүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, улутту сактап келгендигине дагы бир жолу ынанып, элдин келечеги үчүн арыбас мээнетти, нечендеген драмаларды жана трагедияларды (Каныкейдин Канчоронун чыккынчылыгынан кийин Семетейден ажырап, кайрадан тозокко кабылып, торпок кайтарып калганын, Манастын арбагын эш тутуп, небереси Сейтектен үмүтүн үзбөй саргайганын эстейли) баштан кечирген Каныкейдей кечээки чоң энелерибизге кийинки урпактар милдеттүү экенибизди сезбей-туйбай коё албайбыз.
Кыскасы Ала-Too – сенин бешигиң! Айланаңдагы тоолорду карачы, учтары, ырас эле эмчекке окшош! Биз кыргыздар ушул «эмчектерди» эмип чоңойгонбуз. Демек, Ала-Too – биздин энебиз! Мына, ошентип, төрөлгөндөн киндигиң туташып турган, тамырларың топурагына, кыртышына житкен, каны-жаның менен бирге мекен-бешигиң сен үчүн ыйык болбогондо, анан эмне ыйык? Төбөдөгү чоң кудайдан кийин эле экинчи кудайың – мекен. Сыйынаар Каабаң – мекениң, төбөгө көтөрөр таберигиң – ата конушуң. Мына ушул ыйык Ата журттун «ак сүтүн» актоо, анын гүлдөп-өсүшү үчүн, күч-кубаты, руханий жана материалдык байлыгынын артышы үчүн, анын аруу келечек мүдөөлөрү үчүн Манас атабыздай жана Каныкей энебиздей жанды аябай, карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу ар бир улан-кыздын атуулдук, патриоттук милдети, ыйык парзы. Ата мекенибиздин алдында ар бирибиз карыздарбыз!
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити











