Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алмазбек Бейшеналиев популисттик идеяларга азгырылбай, көйгөйлөрдү чечсин!

Министр Алмазбек Бейшеналиев популисттик идеяларга азгырылбай, көйгөйлөрдү чечсин!

15-апрель, 19:30
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы учурда жасалма дипломдуу чиновниктер, милициялар, депутаттар кандай көп болсо, чөнтөгүндө “илим кандидаты”, “илим доктору” деген диплому бар “самопал” окумуштуулар андан да көп. Эгемендүүлүктүн кайсы бир учурунда бир жылда педагогика адистиги боюнча 114 киши илим кандидаты болуптур. Маселен, Нарын университетинин бүтүрүүчүсү, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев педагогика илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, өзүнүн адистиги англис тили мугалими. Аны педагогикада да, тарыхта да илимпоз катары эч ким тааныбайт, эмгектери белгисиз. Ошол окумуштуулугу күңүрт, күмөндүү министр Алмазбек Бейшеналиев эми билим берүүдөгү күйүп жаткан көйгөйлөрдү чечкендин ордуна 12 жылдык билим (!) деп элди дүрбөтүп жатат. Жылкысына карап ышкырса боло. Канча балдар урайын деп калган авариялык абалдагы мектептерде жандарын ооздоруна тиштеп окуп жатышат. Бишкекте балдар мектепке батпай 900 окуучуга эсептелген мектептерде 3000 окуучу окуп, ар бир класста 50-60 окуучу тыгылышып, үч сменде окуп жатышат. Окуу китептеринин баары ката, сапаты начар, полиграфиялык жактан кунарсыз. Орус мектептеринде "Президентибиз Путин, мекенибиз Россия” деген китептерден билим алышууда. Ушундай кечиктирилгис көйгөйлөрдү колго алып, министрлер кабинетине маселе коюп чечкендин ордуна, жаңы велосипед ойлоп таап жаткансып, өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасын туурап, белимчилик кылып, Кыргызстандын билим берүүсүнө туура келбесе да механикалык түрдө көчүрүп келүүгө шымаланып киришти. 

 Сурамжылоолорго караганда, 12 жылдык билим берүүгө элдин 68 пайызы каршы, 32 пайызы колдоп жатыптыр. Бул боюнча стандарттар, программалар, окуу китептеринен дайын жок, мугалимдер даяр эмес. Министр Алмазбек Бейшеналиев жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасаганды коюп, даярдык көрүп, анан кадам таштабайбы. Ал паровоздун алдына түшүп алып чуркабай, өзүнүн популисттик идеяларын коомчулукка таңуулабай, кооз сүйлөбөй, жергиликтүү реалийлер менен эсептешип, реалдуу иштерди жасаганды, көйгөйлөрдү чечкенди үйрөнсө жакшы болот эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер