Зинакан Мамасалиева: “Алишердин акылын, билимин көп адамдар баалачу”

-- Зинакан эже, уулуңуз Алишер Мамасалиевдин чын дүйнөгө кеткенине туура үч жыл болду. Ал жок жашоого да көндүңүзбү?
-- Алишеримди асылган оору алып тынды. Баламды жоготуп, боздоп каларымды эч качан ойлогон эмесмин. Кудайдын маңдайга жазганы экен. Бул күйүттү да көтөрүп жатам. Өлбөгөндүн күнү өтө берет тура. Баары жакшы, бир гана Алишерим жок. Эстебеген бир да секундум боло элек. Уктасам да, ойгонсом да оюмдан кетпейт. Анын ар бир сөзү кулагымда. Энеге баласын жоготкондон өткөн азап жок экенин жонтерим менен сезип жатам. Эч бир эне мендей болуп, уулун жоготуп боздоп калбасын. Мындай күндү Жараткан эч бир эненин башына салбасын.
-- Акча чогултуп, уулуңуздун өмүрүн сактап калууга болгон аракетиңизди жумшадыңыз. Акча өмүрдү сактай албадыбы, же керектүү сумма табылбай калдыбы?
-- “Өмүрүн сактап калалы” деп өзү салып берген үйдү да саттык. “Джип” машинесин дагы. Алтургай тууган-туушкандар, жоро-жолдоштору да колунан келгенин беришти. Акча табылды, бирок Алишеримдин өмүрүн сактай албай калдык. Германияда дарыланды. Бир эле химиясы 10 миң евро болду. Бар тапканыбыздын жумшасак да Алишеримдин ден соолугун баштагы калыбына келтире албай койдук.
Алишер Германияда узак убакыт дарыланды. Бир сапар “апа, бара берейин” деди. Мен болсо, “балам, биротоло сакайып кел” дедим. “Бара берейинчи?” деп эле көшөрүп туруп алды. Келер күнү аэропортко тоскону бардык. Коляскада бирөө келе жатканын көрүп, оюмда эч нерсе жок, маани берген эмесмин. Көрсө, коляска менен келаткан Алишерим экен. Арыктыгынан тааныбай калыпмын. Жүрөгүм эзилип кетти. Мен баламды эч качан андай абалда күтпөптүрмүн. Кызым да, келиним да мага анын сүрөтүн көрсөтүшкөн эмес. Акыры оору уулумду майыштырып койгон экен.
-- Германиядан келгенден кийин абалы кандай болду?
-- 14 жаштагы баладай болуп, арыктап келиптир. Көрсө, боор оорусуна кошумча, Германияга баратып коронавирус да жугузуп алыптыр. Ошон үчүнбү, уулум бир топ кыйналып, өңдөн азыптыр. Келгенде жакшы болуп бараткандай сезилген. “Сакайып кетет” деген үмүтүм чоң эле. Үч ай өзүм бактым. Акыркы күндөрү кыйналганда врач чакырдык. “Чачыңызды боёдуңузбу? Сизге абдан жакшы жарашат экен” деп комплимент айтты. “Мына жакшы болуп баратат. Өзгөрүүлөргө маани берип калды” деп врач да сүйүндү. Тилекке каршы, ошондон 2-3 күн өтпөй уулумдун ден соолугу кескин начарлады. Эки күн өтпөй адам тааныбай калды. Андан көп өтпөй кете берди...
Алишер каза болгондо “кайда көмөбүз?” дегенди ойлобой эле “бозүй табыш керек, аны-муну кылыш керек” деп эле чебелектей берипмин. Досу Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштүм. “Бозүй табылат. Зыйнаттын баары жасалат. Кайда коёбуз?” деди. Мен кайда коёрду чече электигимди айтып, “кайда коюлса да каршы эмесмин” дедим. Ал Ала-Арча көрүстөнүнөн жай чечүүгө аракет кылганын айтты. Уулумдун кыска өмүрдө сиңирген эмгеги эске алынып, Ала-Арчадан жай берилди.
Андан бери туура үч жыл өттү. Эстелигин тургузуп, кара ашын бердим. Эстелигине китебиндеги “Мен таңгалычтуу кызык жашоодо жашайм” деген сөзүн жаздырдым.
Алишерим мени менен баштагыдай сүйлөшүп, мага дем, күч бербегени менен жанымда жүргөндөй эле сезилет. Калган туягы Жамалдан кубат алып жашап жатам. Азыр 9-класс болуп калды.
-- Уулуңуз Алишер канча балалуу болду эле?
-- Бир уул, бир кыздуу болгон. Уулу так эле Алишердей. Мыкты сүйлөйт, лидер. Эч нерседен тартынбайт. Оюндагысын айтат. Жараткан Жамалымдын өмүрүн узун кылышын бассам-турсам Кудайдан тилейм. Кызы да оор басырыктуу, жакшы окуган, бирок көп сүйлөбөгөн кыз болду. Алишерим уулунун жылмайганынан, бир нерсеге кызыгып караганынан, мөмө-жемиш жегенинен да ырахат алчу. Уул-кызын жанынан артык көрчү. Алардын атасыз калганын эстегенде ого бетер жүрөгүм эзилет.
-- Алишер акылдуу, анализи күчтүү, оюндагысын тайманбай айткан, акыл казынасы кең жигит эле. Аны менен кызматташууга кызыккандар болдубу?
-- Ооба. Алишердин акылын, билимин көптөр баалачу. Көп партиянын программасын жазып берди. Алтургай айрым досторун дагы саясатта таптады. Сүйлөй турган сөзүн жазып берип, “муну сүйлөгөндө бул жакты кара, тигил сөздү айтканды мындай кыймыл кыл” деп баарын үйрөтчү. Баламдын акылы тунук, билимдүү болгонунан, кайда болсо да лидерлиги үчүн сыймыктанчумун.
-- Өлөрүндө керээзин айттыбы?
-- Алишер “өлөм” деп ойлогон жок. Ал “жашайм, ооруну жеңем” дечү. Менде да ошондой ишеним чоң эле. Тилекке каршы, асылган оору акыры алып тынды. Бир сапар “апа, балдарым көчөдө калбасын” деди. “Кагылайын Алишер, мунун баары, сенин балдарыңдыкы. Мен тигил жакка алып кетмек белем?” дедим. Алишер жашаган үй мага катталган болчу. Ал каза болгондон кийин “балам тынч жатсын” деп келиниме өткөрүп бердим. Ошондой эле “37 жашыңда калдың. Быйыл кыркка чыктың. Турмушка чык, өз жашооңду улант” деп айтып, милдетимден кутулдум. Кудага да келинимдин жолу ачык экенин айтып, көңүлүнө жаккан адам табылса, турмуш курушуна каршы эместигимди билдирдим...
-- Небереңиз Жамалды колуңузга алдыңызбы?
-- Алишер Германияда дарыланып жүргөндө кызыма “үч уулуңа уулум Жамалды кошуп багып, тарбиялагыла” деп аманат кылып айтыптыр. Алишер каза болгондон кийин кызым анын айткан аманатын аткарып, Жамалды өздөрүнө жаздырып алышты. Менчик мектепке которушту. Чогулушуна барсам, “бул жерге келгенине бир ай болсо да, 9 жыл окугандай өзүн ишенимдүү алып жүрөт. Активист, баардык маселеге кайдыгер карабаган лидер” дешти.
-- Алишер кандайча “Акжол” партиясына мүчө болуп калды эле? Анын максаты, позициясы башкача эле го?
-“Акжол” партиясына сунуш түшкөндө Алишер анчалык деле кубанган эмес. Медет Садыркулов өзү кабыл алыптыр. “Данегиң бар, позицияң так, алган багытың туура жигит экенсиң. Сендей жаштар мага үмүт берди. Партиядагылар жакпаса жакпасын, сен жаныңдагы жигиттердин “Кел-Кел” кыймылынын максатын ишке ашырыш үчүн депутат боло бер” деп кеңеш берген экен. Медет Чокановичтин сунушу менен депутат болууга макул болгон.
-- Депутат болгондон кийин үйлөндү ээ?
-- Ооба, уулум депутат болгондон кийин өзүнөн 10 жаш кичүү кызга үйлөндү. Жаккан кызын бизге көргөзмөкчү болду. Биз дасторкон жазып, кафеде күтүп жатсак, Алишер келип, “тамактарды жей бербейсиңерби, бизди күтпөгүлө” деди. Тамактарды жеп баштаганыбызда тандаган кызын ээрчитип келди. Кызымды карасам, көздөрүн күлмүңдөтүп, жаккандай белги берди. Анан апасынын телефонун алып, чалып, сөйкө салып бара турган күндү болжоштук. Сөйкө салып барганда кыздын калыңын кошо алып бардык. Конок болдук. Ошол эле күнү “алып кете береличи” десем, кызым кудагыйга айтыптыр. Кудагый акыл-эстүү абдан жакшы аял болчу. “Сиздер эмне десеңер, мен макул” деди. Үйдөгүлөргө кабарлап, келинди биротоло алып барарыбызды айттык. Алар тойдун камылгасын көрдү. Жоолук салып, той бергенден кийин “үйүңөргө кете бергиле, чакырсаңар барып турабыз” деп уул-келинимди узатып койдум. Алишер “Кара-суулуктардын салт-санаасын кылбайсызбы?” деди. “Экөөң бактылуу болгула. Балам, мен ыраазымын” дедим. Менин кайненем абдан жакшы адам эле. Мен да жакшы кайнене болууга аракет кылдым. Келиним төрөгөн сайын кубандым.
-- Алишер китеп жазды эле. Баарын чыгарганга үлгүрдүбү?
-- Ооба, китеп жазды. Уулум ар тараптан өнүккөн, өзүн өзү өстүргөн, төрт тарабы төп келген адам эле. Жакшы бийлечү, мыкты сүйлөчү, анан абдан терең жазчу. Бактысы тоодой экен, Чыңгыз Айтматовдон эки ай сабак алган. Ошонун таасириненби, жазганда да макаланын ажарын ачып салчу. Өзү чыгарып кеткен китебинен башка дагы бир китеби турат. Ошону чыгарышым керек...
-- Уулуңуз армияга барды беле?
-- Барган. Алишерим намыстуу жигит эле. “Армияга барганда кыргыздарды коргоп, далай грузин менен мушташтым” деп күлүп калчу. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасына ошол жактан таасирленгенин да көп айтчу. Кийин андан сабак алуу бактысына ээ болду. Үйлөнүү тою да Айтматов каза болгон күнгө туш болуп, бир күн ары жылдырганбыз. “Айтматов менен жашоомдо үч жолу кездештим” деп ошол күндөрүн көп айтчу...
Бир сапар Адил Турдукулов, Гүлшайыр Абдирасуловалар телефон чалышып, Алишерди эскерүү кечесин уюштуруп жатышканын айтып чакырышты. Бардым. Мага сөз берилгенде ыйлап сүйлөй бердим. Ары жактан бир жигит көз жашын аарчып аткан. “Ким болду экен?” десем, депутат Медер Алиев экен. Ал дагы Алишердин артыкчылыктарын айтып, көңүлүмдү көтөрдү. Уулуң тууралуу жакшы сөз угуу энеге бир топ канат байлайт экен.
Алишер каза болгондо группалаштары, курсташтары, достору “Кел-Кел” кыймылынын мүчөлөрү – баары келишти. “Алишер баарыбызга бирдей мамиле кылчу. 8-мартта бир букет роза гүлүн алып келди. Кимибизге берет экен, кимибизди жакшы көрөт экен (?) деп баарыбыз көзүбүздүн кыйыгынан карап турсак, баарыбызга гүл, анан бирден шоколад берди” деп анын адамгерчилигин айтып, эрте кеткенине өкүнүп жатышты.
Бир досу Германиядан жолугуп, жардамын берип, “ушундай абалга жетип калдыңбы?” деп ыйлаган экен. Алишерим мыкты дос, күйүмдүү кесиптеш болгону үчүн ал каза болгондо баарынын ичи ачышты.
"Азия Ньюс" гезити