Оппозицияга окшошкусу келген Сыймык Жапыкеев “органдарга” иштейби?


Октябрь төңкөрүшүнөн кийин генералдыкты алган Сыймык Жапыкеев акыркы кездерде оппозицияга кошула калып, сүрөткө түшүп, сүр жешип жүргөн. Бийликке сын айтып, түкүрүнө баштаган эле. Көрсө, жөн эле “артисттенип” аткан шекилиндей. Бизге жеткен маалыматка караганда, Сыймык Жапыкеев жасалма мүнөздө оппозиция короосуна кошулуп, алардын сырын тартып, маалымат алуу менен өзүнө упай жыйнап, “кожоюндарга” сөз ташып, жандалбаска түшкөнү ушул беле? Бирок, эки жакка ойногон туруксуз адамга ким ишенет? Бийлик-оппозиция да далысын салары, тек гана мамиле жасамыш этишсе, өзү ошондой кейиштүү көрүнүшкө кептелип калганын сездиби? Сыймыктын аман-эсен басып жүргөнү да ошондон окшойт. Бекеринен “кайырмакта” экени каңкууланбаса керек. Күч органдары пайдалана береби?
"Азия Ньюс" гезити











