Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жээнбеков кылчактабай парламенттик шайлоого аттанса болот

Асылбек Жээнбеков кылчактабай парламенттик шайлоого аттанса болот

17-июль, 13:56
2 185 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адатта демократияны дүйнө жүзүнө тараткан үлгү катары АКШны санайбыз. Улуу державанын 35-президенти Джон Кеннеди бир тууган иниси Роберт Кеннедини генералдык прокурор кылган. О.э. Джордж Буштардын династиялык бийлигин кайда жашырабыз? Билл Клинтон президенттиктен кеткенден кийин жубайы Хиллари Клинтон саясатта таасирдүү фигура катары кала берип, кийин Дональд Трампка атаандаш болгонун көрдүк го? Америка жана Батыштын саясый тарыхындагы мындай мисалдарды санай берсек арбын. Эмне үчүн биз эл аралык демократияны эске алгыбыз келүүдө?

Кыргыз саясатында көп учурда “чыргоолонгон”, кылдан кыйкым издеген учурларды кезиктиребиз. Буга чейин Асылбек Жээнбековду каршылаш күчтөр мандатын тапшыруусун талап кылып келишкен. Себеби, бир тууганы Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна такашат имиш. Дал ушул жерден калыс кепти айта кетүү оң. Асылбек Жээнбеков агасынын көмөгү жок эле өз алдынча депутаттыкка чыгып, үч ирет Жогорку Кеңешке шайланган. Эки жолу спикер болду. Мындайча айтканда, эч кимге көз карандысыз чыйыр салган саясатчы да. Негизи биз кандай учурда доомат койсок жарашмак? Эгерде Джон Кеннедидей болуп агасы инисин таасирдүү кызматка дайындаса, ошондо чыр чыгарсак окшошмок (демократиялуу өлкөнүн тажрыйбасын да жокко чыгарып). Демек, алдыдагы парламенттик шайлоодо Асылбек Жээнбеков элдин сыноосунан өтүү үчүн аламанга катышса болот. Кылчактабаш керек. 120 депутаттын бири болууга татыксызбы? Эл добушун берсе, көптүн ичинен мандат алат. Бул жерден эч кандай агасына көлөкө түшпөйт. 

Бизде жумурткадан кыр издеген саясатчылар өтө эле көп. Жок жерден күнөөлөп коюу, кара пиар жасоо азыркы замандын оңой олжосуна айланды го? Калыс, сергек ой жүгүрткөндөр Асылбек Жээнбековдун бийликтин ишине кийлигишпегенин, сөзгө калуудан жогору турганын баамдашат. Ансыз да оппоненттердин кучунашы кармап аткан чакта, кичине эле кылт этсе, арадай жерге чарадай чыр салууга даяр турушат. Ооба, бирок, кээде ашкере сактана берүү, адамдык ички потенциалды, жаратмандык ресурстарды жокко чыгаруу, кала берсе, артка чегинүү болбойт да. Дегеле саясаттан окчун туруу кечиримсиз...  

Азыр кырдаал оорлошуп баратат. Күрөшө турган мезгил келди...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер