Бакыт байке, сизден жашоо боюнча сабак алууну кыялданам...
(Полковник Бакыт Сеитовго!)
Кээде жандүйнөңдү козгогон адамга жылуу сөз жазып, ачылгың келгеничи... Ооба, Бакыт байке, сиз өзгөчө сыйлуусуз. Урматтайм. Бийик адамсыз. Көп жылдан бери сыртыңыздан билем. Негизи жаш көрүнөсүз, кырктан ашкан курактагыдай. Көрсө, пенсияга эчак эле чыгыпсыз. Учурда ИИМдеги ишиңизди көркүнө чыгарып, милициянын облустук начальниктеринен бери тескеп, баарын башкарганыңыз таңгалдырды. Бул сиздин ишке жөндөмдүү, өтө сейрек кездешкен сапатыңыз да. ИИМдин орун басарларынан бери айбыгып турушат экен. Алар “эптемей эле” болушса, ишин билген кадрдан коркушат турбайбы. Турмуш чындыгы ушундай. Бир топ жылдан бери ИИМдин маалымат саясатын башкарып, жогорку деңгээлде эмгек өтөдүңүз. Адам эмгеги аркылуу бааланат эмеспи. Сиздин ордуңуз ИИМдин өздүк курамында жана журналисттер арасында өзгөчө баага татыйт. Маалымат чагылдырууда туура багытты алып, башкаларга үлгү көрсөтүп келесиз. Уюштургуч, дипломат катары тажрыйбаңыз арбын. Сизден жөн гана жашоо боюнча сабак алууну кыялданам... Бар болуңуз, кымбаттуу Бакыт байке!