В.Путин: “Түндүк агым” аркылуу Европага газ берүү иш жүзүндө токтотулду”


Россия президенти Владимир Путин Батыштын “Москва энергетикалык экспортун “курал” катары пайдаланып жатат” деген айыптоолорун четке кагып, Россия мунай менен газды дүйнөгө оңой эле сата аларын айтты.
Ал 7-сентябрда Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, “Түндүк агым–1” газ кууру иш жүзүндө жабылганын жана акыркы турбинасы иштебей калгандыктан, ошол бойдон кала берерин билдирди. Владимир Путин эгер турбина берилсе, россиялык “Газпром” компаниясы “Түндүк агым–1” аркылуу газ берүүнү кайра жандантарын, кандай гана турбина болбосун ал түз эле Россияга жөнөтүлүшү керектигин кошумчалады. “Зарылчылык болсо, Россия “Түндүк агым–2” газ куурун да ишке киргизе алат" деди ал.
3-сентябрда “Газпром” ишканасы “Түндүк агым–1” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтоткон. Компания Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганы менен түшүндүргөн.
Газ сордурган компрессордук “Портовая” станциясында “Siemens” компаниясы менен бирге жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө майдын герметикалык кошулмасы менен агып жатканы аныкталган.










