Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биздин бабалардын эрежелери... Атасы бар жигит сакал койгон эмес”

“Биздин бабалардын эрежелери... Атасы бар жигит сакал койгон эмес”

12-октябрь, 15:51
865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жарашса-жарашпаса да жаштар арасында сакал койгондор арбып эле баратат. Бул көрүнүш диндин кайсы агымынан кабар берет? Балдарыбыз адашуу жолунда эмеспи?


Дүйшөн Батырбеков, мугалим:

-- Суроо абдан актуалдуу. Бул боюнча коомчулукка атайын оюмду ырларым аркылуу тынчсыздануу менен дайым билдирип келем. Эгемен алган алгачкы жылдан тарта биздин өлкөбүзгө ислам динин жамынган көптөгөн күмөндүү агымдар кирип келишти. Алардын бирден-бир максаты – улуу-кичүү дебей өздөрүнө тартуу болду. “Баарына Аллах жооп берет. Сакал койгон сүннөт” дешип, жаш-карысы дебей сакал коюшуп, биздин каада-салтыбызда жок, жат, башка элдин салбыраган кийимдерин, хиджап, никаб, пакистандыктардын юбкасы менен дамбалын, арабдардын кара жоолугун жамынганы аз келгенсип, ата-баба жолунан адашып, башка жолдо кетип баратышат. Кыргыз эли жаман нерсени бат кабыл алат. Орустардан аракты өкүртө ичкенди, Батыштан кыздарыбыз чачты кыркканды үйрөнүштү, анан калса, тасырайган мини-юбканы, эмчегинин жарымы көрүнгөн декольтени “илишти”, азыр болсо пакистандыктардын, арабдардын кийимин модага айлантып алышты. Жаратканга ушу керекпи? Кудайга таза бол, ниетиң түздө, уурдаба, ушак айтпа, адамга жамандык каалаба, улууну урматта, кичүүнү ызаатта. Сөзсүз эле жарашса-жарашпаса да сакал коюу эмес да...


Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Куранды башынан аягына чейин билген адам катары айтайын. Ал жерде “сакал кой, эркектер шалбыраган индус-пакистандын же аялдар арабдардын капкара хиджаб кийимин кийсин” деген жери жок. Ханафи масхабы биздин светтик өлкөгө жакын болгондуктан ата-бабаларыбыз ислам дининин ушу жагын кабыл алышкан. Ар бир адамды мажбурлоо деген жери таптакыр жок. Албетте, ислам дининин 70ке жакын бутактары бар. Ошонун ичинен биздин мамлекетте 67 бутагы бар экенин айтып келишет. Мамлекетке коркунуч жараткан радикалдуу вахабизм жагын айтпай койбосок болбойт. Орто Азия мамлекеттеринде буга тыюу салынган. А бизде ээн-эркин ишмердигин улантып аткансыйт. Мына ушулар кары-жашы дебей сакал коюшат, мурдунун алдын 6 айлык баланын көтөнүндөй кырып коюшат. Кыргыз качан ушинтчү эле? Биздин ата-бабалар сакал өстүрүүнү өз эрежелери менен коюшкан. Атасы бар жигит сакал койгон эмес. 40тан ашканда кылмурут, 50дөн өткөндө кыркма сакал, 60та батек сакал жана 70тен өткөндө жайма сакал өстүрүшкөн...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер