Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Бакиевдин өчүн Атамбаевден алып жатышат...”

Токтогул Какчекеев: “Бакиевдин өчүн Атамбаевден алып жатышат...”

12-ноябрь, 14:54
524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтогул мырза, референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизип, мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктап алуу маселеси көтөрүлө баштады. Кыргызстан үчүн кандай башкаруу ыңгайлуу деп ойлойсуз?

-- Мен бийликтин өзүмчүлдүгүн көбөйтүп, элден алыстаткан үч бутактуу бийликтен баш тартууну сунуштайт элем. Анткени, бийликти үч бутакка бөлүү кыргыз тарыхында болгон эмес. Ошону эске алып, сотторду да, депутаттарды да эл шайлай тургандай системаны киргизишибиз зарыл. Ошондой эле парламенттик шайлоодо уткан партиядан премьер-министрди шайлап, экинчи орунду алган партия биринчи вице-премьерлик кызматка талапкер көрсөтө турган кылышыбыз керек. Андан кийин гана жеңишке жеткен партиялар парламент менен биргеликте өкмөттү шайлай турган болсо, башаламандык аз болуп, жоопкерчилик жогорулайт деген ойдомун. 

Айтмакчы, шайлоо системасын да өзгөртүп, депутаттарды да эки жол аркылуу шайлай турган кылсак жакшы болот эле. Маселен, 50%ын партиялык система менен, 50%ын бир мандаттуу округдук шайлоо таризинде тандасак, күчтүү депутаттардын парламентке келишине шарт түзмөкпүз. Ошондой эле депутаттыкка ат салышкандарга талапты катуулатып, соттолгондорду, административдик жоопко тартылгандарды, кызматтан кемчилик менен кеткендерди, мурун депутат болгондорду жана жогорку билими жокторду, аскерден кызмат өтөбөгөндөрдү, мамлекеттик жана официалдуу тилди билбегендерди каттоодон өткөрбөй турган кылышыбыз керек. Ушул талаптардын баары эске алынганда гана татыктуу депутаттар тандалып, эл үчүн иштей турган азаматтар гана элдин элегинен өтмөк. Депутаттарга жана жооптуу кызматтарга талапты жогорулатпасак, мамлекеттик башкаруунун түрүн алмаштырбаганыбыз менен эл күткөндөй жыйынтык болбой калышы мүмкүн.

 Айтайын дегеним, биз президенттик да, парламенттик да башкарууну көрдүк. Кандай башкаруу болсо да, жоопкерчиликти моюнга алуу адамдын сапатынан болорун түшүнүшүбүз керек. 

-- Кечээ жакында жаңы бийлик Акүйдү курчаган тосмону алдырды. Бул колдоого татырлык иш болдубу же “иштеп жатабыз” деп түр көрсөткөн популизмби?

-- Тосмону алгандан кийин эл арасында “учурунда кашаадан ашып түшөм дегендер бийликке келгенден кийин өчүн алышууда” деген анекдот пайда болду. Бирок, кандай айтсак да, тосмону алып салуу нак популизм болуп калды. Алгандан кийин деле эл каалаган күнү президентке же депутатка түздөн-түз кире албайт да. Эми тосмонун жоктугунан жаңы бийликке коопсуздук жагынан маселелер жарала баштайт. Тагыраагы, төртүнчү революцияда элдин Акүйгө түз эле кирип барышына жол ачылды.

-- Баса, Өмүрбек Бабанов “Садыр Жапаровду колдогонум үчүн президенттикке аттанбайм” деди. Ал Бабановдун жигиттик кадамы болдубу же ошондой чечим алууга аргасыз беле?

-- Менимче, Өмүрбек Бабанов аргасыз ушул кадамга барды. Ал кыраакы саясатчы катары азыр да кеч эмес экенин сезүүдө. Анткени, шайлоо кандай болорун эч ким билбейт, Садыр Жапаровдун жасап жаткан иштери, элге берген убадалары кимдерди ынандырарын байкап, көрүп жатабыз. Эмнегедир акыркы күндөрү Бакиевдин таасири чоң экени байкала баштады. Кадр маселесинде дагы Бакиевдин “жүгүрүктөрү” колдоого алынып жатат. “Бакиевди кууп чыккансыңар” дегенсип, жаңы кызматка келгендер Атамбаевден күчүн чыгара башташты.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер