Куванычбек Осмонов: “Улукбек Маматаев түрмөдө духу түшпөй, кайраттуу отурат”


Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам коомдук ишмер Улукбек Маматаевдин бир тууган иниси Куванычбек Осмоновдун сөзүн угуп көрдүк.
-- Куванычбек, Улукбек агаңа тагылган айып канчалык негизде туура?
-- Агам Улукбектин убактылуу кармоочу жайда отурган себеби, кыргыздын стратегиялык маанидеги жери коңшуларга өтүп кетпесин (!) деген ачык позициясы үчүн бийлик камакка отургузуп койду да. Коюлган айып такыр туура эмес. Убактылуу кармоочу жайда эки айдан бери болгону эки гана жолу суракка барышыптыр. Бул эмнени билдирет? Бийлик буларга коюлган айыбына факт таба албай айлалары кетип атат десек болот. Жаза мөөнөтүн негизи жок узартып коюшту. Тергөө иштери токтоп турат. Экинчиден, башында буларга Кемпир-Абад боюнча айып тагышкан. Кийин тергөө амалдары жүргөн убакта ал жагын өзгөртүп, “Коогалаң салуу менен бийликти басып алуу” деген айыпка которушкан. Бул да эч бир негизсиз, туура эмес. Элге, коомчулукка жарыя кылган үн коштоодо бийликти басып алуу боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Камактагы 26 адамды кыргыздын патриот адамдары катары көпчүлүк эл булардын позициясын жактырып, моралдык жактан колдоп атканын билем.
-- Учурда акыбалы кандай, байланышып турасыңарбы? Жаңы жылды кандай шартта тосконунан кабар алдыңарбы?
-- Биз болгону жактоочусу аркылуу гана байланышып турабыз. Аларды да азырынча киргизбей атыптыр. Телефондорун алып койгондоруна байланыштуу кат жазышып акыбалдарын билип атабыз. Жаңы жыл алдында камерадагы үч адамга майрамдык маанай жаратуу аракетинде азык-түлүк киргизгенбиз. Түрмө деген курорт эмес да. Дээрлик чектелүү шартта болгондуктан, биз канчалык майрамдык маанай жаратуу аракетин кылбайлы, баары бир үйдөгүдөй болбойт. Жактоочусунун айтуусунда, Улукбек агамдын духу түшкөн жок, кайраттуу экен. Байкемдин грыжасы бар, андан сырткары бөйрөгү ооруйт. Дары-дармектерин айткан-дегениндей жеткирип берип атабыз. Бу жагынан да кабатырланбай эле коюусун айтууда.
-- Ачкачылык кармоо акциясын баштагандай болду эле?..
-- Ооба, аны биз, эң жакын туугандары жапырт баарыбыз ыйлаганга чейин сурандык, ошентип, ачкачылыгын токтоткон. Дал ошол мезгилде саламаттыгы бир аз солгундай түшкөн. Эми-эми ден соолугу өз ордуна келип баратат.











