Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч баламды сагынам, бирок айлам жок

Үч баламды сагынам, бирок айлам жок

16-январь, 12:39
2 626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эми ойлосом, болбогон эле майда-барат нерселерден урушуп, көңүлүбүздү калтырыптырбыз. Ашыкча кызгана берчү экенмин. Он жыл жашап, алгачкы сүйгөнүм менен ажырашып кеткенбиз. Ал байкуш жоош, назик эле.

Эки жылга жетпей кайра башкага үйлөндүм. Көп өтпөй эле мамилебиз келишпей калды. Бул аялым оңдуу чыкпай, тили узун болуп, чатакка жакын экен. Анан калса, мурдагы тааныштары чала берет. Кээде себепсиз эле жарым күндөп жоголуп кеткеничи... Айтор, азабымды бере баштады. Үйгө туугандары да көп келип, жатып ичкен кайын журтка кыжырым кайнап бүттү. Бир жылдан ашканда дагы ажырашып тындым.

Учурда эмне кыларымды билбей жүрөм. Башында кыз-келиндер менен сүйлөшсөң эч нерсеси билинбейт. Турмуш кургандан кийин эле балээнин баары чыгат тура. Азыр да бир кыз менен сүйлөшүп атам. Кайра үйлөнүш керек. Же биринчи аялыма барып, кечиришип, жарашсамбы? Үч баламды сагынам...


Айдар  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер