Болот Исаев: “Элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзамды кайрадан карап чыгалы”

Коомчулугубуз бир канча жылдардан бери элдик бийликти бекемдөө жана аны чыңдоо максатында улуттун нарк-насилине жана каада салтына шайкеш келген курултай институтун саясый системага мыйзамдаштырып киргизүүнү талап кылып келишкен эле. Коомчулуктун бул талабы биринчи жолу 2021-жылдын май айында Конституцияга киргизилди, Жогорку Кеңеш бир аз кечигүү менен 2023-жылдын июнь айында конституциялык мыйзамды кабыл алды. Биринчи элдик курултайдын делегаты, КР мамлекеттик кызматынын 1-класстагы кеңешчиси, коомдук ишмер Болот Исаев ага менен курултайдын күнгөй-тескейине токтолдук.
-- Болот ага, курултайдын функциясы, укуктары боюнча кеп баштасак?
-- Конституциянын 7-беренесине ылайык, элдик курултай өлкөбүздөгү жалпы коомчулуктун өкүлчүлүгүнүн жыйыны деген макамга ээ болду. Элдик курултайдын жыйынына кеңешүүнүн жана байкоо жүргүзүүнүн негизинде коомубуздун өсүп-өнүгүү багыттары боюнча сунуштарды берүүчү функциялар жүктөлдү. Мындан сырткары, Конституциянын 70-беренесинде (4-п.) «Элдик курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу», 85-берененин (6-п.) боюнча «мыйзам чыгаруу демилгеси ыйгарылды» жана 96-берененин (7-п.) негизинде «Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына өкүлүн киргизүү» ыйгарым укуктарына ээ болду. Элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзамды кабыл алууда элдик курултайдын жыйынынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын жүзөгө ашырылышында айрым маселелер жеткиликтүү деңгээлде такталып жазылбай, үстүртөдөн жазылгандыгын көрүүгө болот.
-- Чийки болуп калыптырбы?
-- Сөзүм куру эмес. Мыйзамда элдик курултайдын делегаттарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу эч бир укук ченемдер жазылбаган. Болгону делегаттарга таандык үч пункттан турган элдик курултайдын делегаттарын шайлоо принциптерин аныктоо менен гана чектелген. Делегат – бул элдик курултайдын кыймылдаткыч күчү, байкап көрүүчү көрөгөч көзү, кеңеш берүүчү акыл насаатчысы жана сунуш берип, анын аткарылышын талап кылуучу элдик бийликтин элге таандыгынын бирден-бир жолу болгон, коомдук өкүлчүлүктөрүнүн (делегаттарынын) жыйыны экендигин унутта калтырбашыбыз керек эле. (Конст. 2-б., 2-п. ылайык). Конституцияда элдик курултайдын кеңешүүчү, байкоочу жана сунуштамаларды берүүчү коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп аныктама берилген. Бирок, курултайдын кеңешүүчү, байкоочу жана сунуштама берүүчү функционалдык милдеттерин жүзөгө ашыруунун жолдору, формалары жана механизмдери мыйзамда аныкталбай, бул функцияларды аткарууда делегаттар кандай укуктарга ээ болору жана кандай чектөөлөр коюла тургандыгы тууралуу мыйзамда аныкталбаган.
-- Мисалы?
-- Мисалы, мыйзамдагы байкоочулук функциянын жүзөгө ашырылышында бир катар татаалдашкан процесстердин жаралышы мүмкүн. Айрыкча аткаруу бийлигинин жетекчилеринин кызмат абалдарына баа берүүдө жана башка коомдун өнүгүү багыттары тууралуу сунуштарды даярдоодо, ошол тармакта же аймакта байкоочу комиссияларды түзүү муктаждыгы жаралары бышык. Байкоо жүргүзүү функциясы бул – изилдөө, иликтөө жана анализдөө механиздери аркылуу турмушка ашырылышы да талашсыз. Демек, мыйзамда элдик курултайдын кеңешүү жана байкоо жүргүзүү функцияларын турмушка ашыруунун формалары, жолдору жана механизмдери да аныкталбаган.
-- Жетишсиз жактары катары айтып атасызбы ошондо?
-- Мыйзамдагы дагы бир жетишсиз жагы – административдик-аймактык бирдиктерде (айылдык, шаардык, райондук ж.б.) курултай жыйындарынын түзүлбөй тургандыгы коомчулуктун нааразылыгын жаратууда. «Андай болбосо, анда мындай кылалы» дегендей, учурда коомчулук тарабынан демилгечи топтор түзүлүп, административдик аймактарда элдик курултай аталыштагы коомдук уюмдарды өз алдынча түзө башташты. Бир катар коомдук уюмдар биригишип, «Элдик курултай бирикмелеринин улуттук ассоциациясын» түзүү аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул иштердин максаты, бардык аймактарда толук кандуу курултай институтун түзүүгө, элдик көзөмөлдүктү мыйзамдаштырууга жана башка бир катар уюштуруу иштерин курултайдын ишмердүүлүгүн толуктоого карата аракеттердин жасалып жаткандыгын көрүүгө болот.
-- Анча болду, айрым бир оош-кыйыш жактарынан кеп салат окшойсуз?..
-- Мыйзамдын (2- б., 1-п.). «Улуттук кеңеш – элдик курултайдын өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, насаат-кеңеш берүүчү жумушчу органы» деп жазылса, ошол эле мыйзамдын (8-б.,2-п., 2-абз.) «Улуттук кеңеш – элдик курултайдын жетектөөчү жана багыт берүүчү органы катары коомдук башталышта иштейт» деген аныктама берилген. Демек, жогорудагы эки башка аныктамадан улуттук кеңешти жумушчу орган катары атаганыбыз туурабы, же жетектөөчү орган деп атасак туура болобу? Анткени, аталыштарына жараша жумушчу орган менен жетектөөчү органдын аткаруу функциялары ар башка экендиги белгилүү. Мыйзамдын 8-беренесинин 2-пунктунда «Элдик курултайдын улуттук кеңеши элдик курултайдын иш убагында гана иштейт, элдик курултайдын кароосуна маселелерди даярдоону жүзөгө ашырат жана элдик курултайдын ишин координациялайт» деп жазылган.
Демек, эдик курултайдын иш убагы «бир күндүк» болсо, улуттук кеңештин иштөө мөөнөтү да бир күндүк болуп, курултайдын жыйынынын аякталышы менен улуттук кеңеш ишмердүүлүгү толугу менен токтотулат. Мындай шартта делегаттар Конституцияда көрсөтүлгөндөй насаат-кеңеши, багыт берүүсү, байкоочулукту жүргүзүү жана сунуш берүү функцияларын бир күндө эле баштап, ошол эле күнү бүтө калуучу жумуш катары кароого болбостугун эске алсак болмок. Экинчиден, мындай шартта улуттук кеңеш өзү курултайда жаңыдан шайланып жатып мыйзамда көрсөтүлгөн «Элдик курултайда каралуучу маселелерди алдын ала даярдоону кантип жүзөгө ашырат? Деги эле, курултайдын жыйыны башталганда түзүлүп, курултайдын жыйынынын бүтүшү менен жоюлган, бир гана күн жашаган улуттук кеңешти түзүүнүн зарылчылыгы барбы?” деген суроолор туулат.
Элдик Курултай жөнүндө мыйзамдын 9-берененин 5-пунктунда «Катчылык КР президентинин администрациясынын тийешелүү бөлүмү менен бирдикте элдик курултай тарабынан кабыл алынган резолюцияларды аткарууну жүзөгө ашырат» деп жазылса, ошол эле мыйзамдын 12-беренесинин 4-пунктунда «Элдик курултайдын резолюциясы КР президенти, КР Жогорку Кеңеши, КР министрлер кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан эске алынат» деген бири-бирине төп келишпеген бүтүмдөр жазылган. Тактап айтканда, курултайдын резолюциясын жогорудагы органдар жүзөгө ашырабы же алар эске алуу менен гана чектелишеби? «Эске алуу менен гана чектелген», аткарууга жатпаган резолюцияны кабыл алуунун зарылчылыгы барбы?
Ошентип, элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзам өлкөбүздүн коомчулугунун жашоо турмушуна терендеп кире албай жатат. Жогорку Кеңештин сессияларда депутаттар ачык айтып сунуштагандай: «колу-буту кесилген, аракетсиз, таасирсиз мыйзам кабыл алынган», «шайланып келип мактачуңду мактап, сүрөткө түшүп алып кете бергиле» деп айтылгандай, курултайдын, делегаттардын жана улуттук кеңештин ишмердүүлүк тагдыры бир гана күн менен чектелген. «Машинанын бешинчи запас дөңгөлөгүндөй жабышып, аты бар, бирок заты, маани-маңызы төмөн мыйзам кабыл алынып калган.
Кыскасы, “КР элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзамы, конституциядагы элдик курултайдын концепциясын жетишерлик деңгээлде ачып бере албаган” деген жыйынтыкка келүүгө аргасыз болдум. Жогорудагы сунуш-пикирлерди эске алуу менен элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзамды кайрадан карап, мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайм.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити