Талант Мамытов мансап үчүн кимдерди гана саткан жок? Тизме…

Жогорку Кеңештин төрагалык креслосуна жулунуп жүргөн Талант Мамытовдун ким экенин талдап коюу опоңой. Азырынча каржылык чууларын тизмектебей эле туралы, моралдык-этикалык маселеге токтололу. Эң оболу, адамгерчилик, туруктуулук өтө маанилүү эмеспи.
Камчыбек Ташиев “Ата Журт” партиясы аркылуу 2010-жылы Талант Мамытовду депутат кылып, саясый чөйрөгө кошкон. Садыр Жапаров үчөөнүн баштарынан оош-кыйыш күндөр өтүп, жамандыкты да көрүштү... Берки эки достун мамилеси кандай жагдай болсо да үзүлгөн жок. Ал эми Талант Мамытов саясаттагы устаты Камчыбек Ташиевди сатып, Өмүрбек Бабановго кызмат кылган учурун кантип танат? Андан соң Сооронбай Жээнбековго өтө качып, ишенимдүү адамы катары жүргөн. Акүйдүн 7-кабатынан буйрук берилип, парламентте айтыла турган демилгелерди көтөрүп келгенин коомчулук унута элек да. Өткөн шайлоодо Канатбек Исаевге учкашып, “Кыргызстан” партиясы менен аламанга катышты. Төңкөрүштөн кийин дароо Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тарапка секирик жасап, “ишенимдүү” көрүнүп, эми Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына жанталашып атат. Буга мансап, байлык болсо эле баарынын башын аттап, сатып кете бергени ушулбу? Жигитчилик сапат, туруктуулук жана ар-намысы кайда? Эл карап турбайбы...
Aryba.kg