Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Полковник Урмат Жумабеков генералдык наамды алса, татыктуу тандоо болмок

Полковник Урмат Жумабеков генералдык наамды алса, татыктуу тандоо болмок

01-июль, 08:54
826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Быйыл күздө милициянын 100 жылдыгы болот. Бул өзгөчө дата. Уюштуруу иштери жогорку деңгээлде өтсө керек. Ал жагынан кеп жок, биздин токтоло турган маселе башкада. Мааракени утурлай генерал наамдары кимдерге ыйгарылат болду экен? Коомчулуктун да бүйүрүн кызытып, ушул жагы чыдамсыздык жаратууда. Албетте, татыктуу полковник жетекчилер бар. Азырынча бирөөнү гана мисал келтирели. ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын начальниги Урмат Жумабеков генерал-майор даражасын тагынса, татыктуу тандоо болмок. Мамлекеттин коопсуздугу, туруктуулугу үчүн күн-түн дебей алгылыктуу иштерди бүтүрүүдө. Коомдук абалды, радикал динчилдерди тескөө, миграцияны көзөмөлдөө сыяктуу оор түйшүктөрү бар. Буга чейин билинбеген көп иштерди жасап келди. Келечекке карай ынанымдуу багытын чечмелебей эле коёлу. Албетте, 10-башкы башкармалыктын эл үчүн жасалган жумуштары көбүнесе айтылбайт, сыр катары сакталат. Аныгында, Урмат Жумабеков генералдыкты алса, коомчулукта жана өздүк курамда да колдоого арзымак.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер