Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмилбек Узакбаев эки фронтко ойногондо

Эмилбек Узакбаев эки фронтко ойногондо

08-март, 12:00
714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Камчыбек Ташевдин чайын ичип, сыйын көрүп жүргөн Эмилбек Узакбаевди билесиңер да. Убагында мамлекеттик кызматтан байып, коррупцияга шектелгенине карабай кыртыш байлап алганычы? Соңку жылдары өз тарабындагы ардагер аксакалдарды уюштуруп, түлкүдөй мант берип, убактылуу жашоосун майрамга айландырып алган. Эң кызыгы, Камчыбек Ташиевди колдомуш этип, сүрөөнгө алгандай түр көрсөтүп, бирок ошол эле кезде карама-каршы жээктеги саясатчылар менен да ымдашып, тымызын эки фронтко ойногонун жашырып жүргөндөй. Кыйын бекен?.. Ушул жерден үлгүлүү мисалды келтирели, айталы, экс-министр Бекболот Талгарбеков жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Камчыбек Ташиевди туруктуу колдоп, ошол эле кезде анын душмандары менен мамиле кылбайт экен. Табиятынан адамгерчиликтүү, түз мамилени көрсөтүп келатат. Ал эми Эмилбек Узакбаев ойт берип, эки жүздүүлүктү айгинелей береби? Бир тарабын тандасын да. “Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка өлүптүр” дегендей, соңунда ишпалдасы чыгып калбайбы?.. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер