Тилек Токтогазиев: “Жазгы талаа иштеринин астында менин командамды чачыратуу – чыккынчылык болду”
Айыл, суу чарба жана аймактык өнүгүү министрлиги Кыргызстандын аймагында кургакчылык болуп жаткандыгына байланыштуу айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салууну 8-июлдан баштап узартууну сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Буга чейин айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары жерлерге 8-январдан баштап алты айга экспорттоого тыюу салынган. Документке ылайык, экспортко тыюу төмөнкү товарларга тийешелүү: буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, жем, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер жана тооктун жумурткасы.
Тыюу салынгандан кийин ички азык-түлүк рыногундагы кырдаал бир аз турукташты, бирок жарлыктын мөөнөтү аяктагандан кийин жаңы күч менен массалык экспорт кайра жанданды. Натыйжада, ички азык-түлүк рыногунда айыл чарба продукцияларынын төмөндөшү жана азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча баалардын 67-70%га жогорулашы болжолдонууда. Биз баалардын туруксуздугу, азык-түлүктүн кымбаттоосунун себептерин сурап, мурдагы айыл чарба министри Тилек ТОКТОГАЗИЕВге кайрылдык.
-- Тилек мырза, азык-түлүк баалары туруксуз, кымбат. “Баалар дагы көтөрүлөт” деген божомолдор бар. Сенин пикириңди уксак?
-- Мен 2-февралда жумуштан алындым. Башка жаңы министр дайындалды. Ошого чейин эле министрдин орун басарларын чогултуп, “алдыда Кыргызстанда оор кырдаал болот, бир министрдин орун басары азык-түлүк коопсуздугу боюнча ишти жүргүзүш керек” деп Бермет Турсалиевага, экинчи Керималиев аттуу орун басарыма жазгы талаа иштери, сугат маселелерине алдын ала даярдык көрүү дайындалган. Ушул эки тармакка эки киши баш-оту менен жооп бермек. Бирок кызмат алмаштыруу саясый оюндары менен мен жумуштан алындым. Менин артыман орун басарларым дагы кетишти. “Ашууда ат алмаштырбайт” деген жакшы кеп бар. Жазгы талаа иштери жаңыдан башталып, азыркыдай оор кырдаал байкалып турган кезде түптөлүп, иш баштап отурган команданы чачыратып жибергени – бул чыккынчылык болуп калды. Азыркы учурда арпа, буудай, жүгөрүлөрдүн баасы мурдагы жылкыга салыштырганда эки эсе кымбат болуп чыгып жатат. Учурда эки эсе кымбат болгону – күзүндө, кышында, жазында андан да кымбат болот (!) дегендик. Эми комбайндан чабыла турган баасы эле өтө кымбат экени байкалууда. Тоютту жыйнап, аны бир жерге топтоп, бир жерге сактайт. Андан сырткары, чек аралар жакшы көзөмөлгө алынбаса, контрабанда менен башка өлкөлөргө чыгып кетет. Ушинтип эттин баасына, жумуртка, сүт ж.б. азык-түлүктүн баарына таасири тийүүдө.
“Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы азыркыдан да кымбат болот” деп чоң аналитик, Нострадамус болуунун деле кереги жок, ансыз деле баары ачык-айкын көрүнүп турат. Ошондуктан бул тармакка мыкты антикризистик менеджер керек. Тез арада эл аралык деңгээлдеги иштерди жүргүзүп, резервдерди толтуруп алуубуз абзел. Резерв жок дегенде 4-5 айды жаба турган болуп сакталышы шарт.
-- Өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө салык саясаты кандай жүргүзүлүүдө?
-- Салык саясатын да өзгөртүү шарт. Учурунда бул демилгени көтөргөм. Кыргызстанда чийки затты алып келе турган азыктарга кошумча нарк салыгын алып салуу керектигин айткам. Азыр кирип жатат. Бирок КНС төлөнбөй, контрабанда менен киргизилүүдө. Ошол эле убакта өндүрүүчүлөр салыктарынын баарын төлөсө, импорт менен киргизип жаткандар төлөбөсө, базарда арзаныраак болуп, кыргыз өндүрүүчүлөрдүн абалы кыйын болуп калат. Эң биринчи өлкөдөгү өндүрүштү колдоп беришибиз зарыл. Бул боюнча Жогорку Кеңештен, өкмөттөн дагы көп бийликтеги адамдар менен каршы пикирлер жаралууда. Менин түшүнүгүмдөн алганда, алар контрабанданын лоббистери болуп жүрүшөт. Аларга Кыргызстанга канча импорт кирсе, ошончо кызыкчылыктары бар. Ошондуктан бизде кайра иштетүү заводдору күчтүү болсо, алар бул жакка кире албай калат. Ал эми канчалык биздин өндүрүштү талкаласа, ар бир фурадан лобби группанын мүчөлөрү күн сайын накталай акчаларды чөнтөктөрүнө салышат. Анан ошол накталай акчалар менен шайлоолорго барышат. Шайлоодон болсо элди сатып алышат. Айланып эле запкыны эл тартат. Бул кайгыруу менен айта турган чыныгы факты.
-- Кургакчылык маселеси да бул жылы курч болуп турат...
-- Албетте, кургакчылык, ковид да таасирин тийгизүүдө. Ковид күч алганы көп өлкөлөр өз карамагындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздаш үчүн резервдерин түзүп жатышат. Дүйнө жүзүндө азык-түлүккө суроо-талап көбөйүүдө. Ошондуктан анын да таасири тийет. Ал эми кургакчылык, суу жетишсиздиги жылда көтөрүлүп келе жаткан маселе. Бул жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу дагы курч.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити