Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Базиева: “Садыр Жапаров өлкөбүзгө чоң бурулуш жасайт”

Айгүл Базиева: “Садыр Жапаров өлкөбүзгө чоң бурулуш жасайт”

11-январь, 13:11
1 530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мурдагы бийлик менен азыркы төбөлдөрдүн айырмасын байкай алдыңбы? Эмне өзгөрүүлөр көзгө урунууда?

-- Мурдагы менен азыркы бийликтин айырмасы чоң. Анткени, өзүңүзгө маалым болгондой, Башмыйзамга чоң өзгөрүүлөр кирген. Аны менен катар эле жакында парламенттик шайлоо болду. Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу көп нерсеге көңүл бурбаганда, ачык-айкын өттү, жакшы жышаан. Ошону менен катар эле оппозициялык жана күчтүү кесипкөй талапкерлер өтпөй калды. Албетте, бул жагынан азыркы бийлик утулду.

Ал эми өзгөрүүлөр боюнча эки кайчы пикирдемин. Биринчи пикирим, учурда кымбатчылык каптап, мурдагы бийликке салыштырмалуу карапайым калк бир аз кыйналып турган учуру. Аны менен катар эле ички саясатыбыз туруктуу болгону менен сырткы саясат аябай солгундап баратат. “Мына ошонун кесепетинен да баалар өсүп кетти” десем жанылышпасам керек. Албетте, бул боюнча президенттибиз Садыр Жапаров деле жакшы иштеп, колдон келген аракетин кылууда. Эл бийликтен дагы деле үмүт этип, “өлкөгө чоң бурулуштарды жасайт” деген ишенимде турушат. Элдин тилеги, күткөнү акталат го...

-- Парламентке келген айымдардын деңгээлине аз да болсо баа берип кетесиңби?

-- Парламенттеги айымдар боюнча айтсам, мен тааныган айымдар өтө эле аз экен. Мурдагы чакырылыштагы депутаттардан Камила Талиева, Надира Нарматова эжелерди баарыбыз тааныйбыз жана кыргыздын чыгаан айымдары экенин билебиз. Бирок, квота боюнча айымдар аз келгени өкүндүрөт. Өзгөчө бир мандаттуу округдардан бир да аялзаты парламентке келе албады. Бул боюнча аялзатына кандайдыр бир артыкчылык жагдайды мыйзамдаштыруу негизде каралса болмок. Себеби, коомдо аялзатынын орду чоң. Айрыкча акыркы жылдары аялзатынын укуктары тебеленип келгенине көп ирет күбө болуудабыз. Жаш жеткинчектер жана секелек кыздардын тагдыры талкаланып жатканы, мына ушулар тууралуу мыйзам керек жана азыркы парламенттеги эже-сиңдилерден ушуну чыдамсыздык менен күтөбүз!

-- Кыргызстанда канчалык деңгээлде аялзатына көңүл бурушат? Кандай артыкчылыктар болушу керек эле?

-- Бул суроого кенен жана тереңирээк жооп берсек болот эле. Чындыгында, акыркы мезгилде аялзатынын укуктары тебеленип атканы өкүндүрөт. Ушуларга колдоо көрсөткөн жакшы мыйзамдар болсо кана? Соцтармактарды ача калсаң эле ажырашкандарды көп байкайм. Бу жерде эркектер эмес, көбүнчө аялзаты запкы көрүп аткандарын жазышат. Ажырашуу аз болуш үчүн, мүмкүн, алиментти көбүрөөк кылуу керекпи, же ажырашуунун жолун азайтуу ыкмасын тыкыр иштеп чыгуу кажетпи? Айтор, жолдорун тапсак... Албетте, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна объективдүү жана субъективдүү жагдайлар түрткү болууда. Жаштар иш жоктугунан чет элге агылышып, миграцияга баш урууда. Үй-бүлө коопсуздугу каралбай, ар кандай күмөн саноолордун аркасы менен жаштар ажырашып кетишүүдө. Айтып отурса арман көп...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер