Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Жолдубаева: “Равшан Жээнбеков менен идеялаш, үзөңгүлөшпүз”

Кундуз Жолдубаева: “Равшан Жээнбеков менен идеялаш, үзөңгүлөшпүз”

11-декабрь, 12:38
2 429 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кундуз, президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков менен кызматташып, пиар кампаниясын жүргүзүп атасың. Мындай бурулушка баруунун себеби эмнеде?

-- Бул бурулуш деле эмес. Мен эмне себептен Равшан Жээнбековдун талапкерлигин колдоорумду ачык айттым. Ал адам менен бирге саясый куугунтукка кабылып, башыбыздан чогуу кыйынчылыктарды өткөрдүк. Кой-Таш окуясы боюнча тергөөдө Равшан Жээнбековго кызматташууга барууну сунуш кылышкан. “Атамбаевге каршы көргөзмө берсеңиз, камабайбыз” деп соодалашууга аракет жасашып. Бирок ал өз принциптеринен тайбай, ар-намысын бийик сактап калды. Саясатчы катары сынган жок. Тескерисинче, чыйралды. Тергөөдө жүргөн учурда да, соттук териштирүү маалында дагы өзүнүн кайраттуулугун, идеяга бекемдигин, бийик адамдык сапаттарга ээ экендигин көргөздү. Азыр биз жөн гана бир иште чогуу өтүп жаткан адамдар эмес, үзөңгүлөшпүз (!) десем жаңылбайм. Анан мен кантип Равшан Жээнбековду колдобой коём? Демократияны, парламентаризмди, укуктук баалуулуктарды өнүктүрүү багытында да көз карашыбыз бирдей. 

-- Алмазбек Атамбаев менен кол үзүшкөн жоксуң да?

-- Албетте, жок. Мурунку бийликтин колу менен экс-президенттин жанында калган команданын ынтымагына доо кетирүү аракеттери катуу жүрдү. Бирок, ошол кыйын кезеңде Алмазбек Шаршеновичти колдогон адамдар дагы да болсо ага болгон мамилесин өзгөртпөдү. Алмазбек Шаршеновичке кандай жан тартып келсек, ошол эле бойдон аягына чейин колдойбуз. Ушундай ойдомун. Мисалы, 5-6-октябрда болуп өткөн окуялардан кийин “Форум” кайрадан бир нече күнгө саясый уюкка айланды. Эшиктин алдына “джиптер” батпай, кабылдамадан чоңдордун аягы үзүлбөй калган. Бирок, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында экс-президентке кол салуу уюштурулуп, эртеси Кой-Ташка кайрадан чабуул болгон маалда, жанында баягы эле биз калдык. Ошол эле Фарид Ниязов, Сапар Исаков, Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеевдер... Аны өзү деле байкаса керек. Экөөбүздүн айрым мүнөздөрүбүз окшош. Мен Алмазбек Шаршеновичти улуу агамдай жакшы көрөм. Аягына чейин сатпай, колдой бермекчимин. Балким кийин саясатта жолубуз башка болуп калса да, адамдык мамилемди үзбөйм.

-- Баса, Атамбаевдин тарапташтарынын бир бөлүгү Абдил Сегизбаев жакка оогонун байкап атабыз. Ошондо экс-президенттин позициясы кандай болушу мүмкүн? Кайсы талапкерди колдойт? 

-- Равшан Жээнбековду колдогондой эле, тарапташтарыбыздын арасында балким Абдил Сегизбаевди, Курсан Асановду колдогондор да бардыр. Бирок “бул Алмазбек Шаршеновичтин позициясы” деп айтуу туура эмес. Кайсы талапкерди колдоору тууралуу мен аны менен сүйлөшө элекмин. Соттордун биринде Равшан Жээнбековго кайрылып, “шайлоого катышпайсыңбы?” деген пикирин уккам. Равшан байке ошол маалда ойлонуп жаткандыгын билдирген. 

-- Президенттик шайлоонун адилеттүү өтүүсүнө ишеним барбы? 

-- Келе жаткан күрөш идеялардын күрөшү болуш керек. Бизде азыр андай эмес. Бийлик кимдин колунда болсо, таразанын ташы ошол жакка оойт. Эгерде баардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлбөй, шайлоо жараяны ачык, теңтаймашуулук принциби сакталбаса, анда шайлоонун жыйынтыгы да болбой калышы толук мүмкүн. Кыргызстанда күтүүсүз кырдаал түзүлүп калышы беш мүнөттүк иш. Бир суткада Акүйдү алып, бийликти алмаштырып ийгенден кийин, мындай кырдаал жаралбай койбойт (!) деп айтыш кыйын. Ошондуктан бийлик келе жаткан шайлоону адилеттүү өткөргөнгө бүт күч-аракетин жумшоосу абзел. 

-- Кой-Таш окуясына айыпталгандардын көпчүлүгү эркиндикке чыгышты. Мындан ары сот калыс жүрөбү же?.. Деги эле ушул коогалаңга кимдерди айыптайсың? 

-- Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнү жабык өткөрүп келишкен. Октябрь окуяларынан кийин судья алмашып, процесс ачык өтө баштады. Бирок, бири-бирине тийешеси жок үч ишти бириктирип салышты. Негизи, Кой-Таш окуясы боюнча тергөө бир тараптуу жүргүзүлгөн. Жабырлануучу катары жалаң эле “Альфа” атайын аскерлеринин жана ички иштер министрлигинин кызматкерлерин таанып коюшкан. Ошол жерде жаракат алган тынч элди эсепке да алышкан эмес. Керек болсо, коркутушуп, суракка чакырышып, ооздорун басуу аракеттери болгон. Коогалаңга эң башкы айыптуу ошол маалдагы башкы колбашчы Сооронбай Жээнбеков, мыйзамсыз, арсыз операциянын автору, ушул тапта качып жүргөн УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев, мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдер жана ушул маалга чейин иштен алынмак тургай, чоң кызматтарга көтөрүлгөн тергөө тобунун жетекчилери. Алардын жоопкерчилиги сөзсүз каралышы керек. “Адилеттүү чечим болсун” десек, Кой-Таш окуясы боюнча ишти кайрадан териштирүүгө жөнөтүү зарыл. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер