Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбек Коргонбай уулу Равшан Жээнбековго асылып, кошомат кылбай эле койбойбу?

Жусупбек Коргонбай уулу Равшан Жээнбековго асылып, кошомат кылбай эле койбойбу?

20-октябрь, 16:38
899 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Демократ саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад үчүн күрөшүп, абакта жатса, депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирүү кылыптыр. Анын менчиктештирген мүлктөрүн текшерүү боюнча. Ооба, казып, кайра карап чыгышсын. Бирок, Бакиев, Атамбаев, Сокенин учурунда Равшан Жээнбековдун мыйзамсыз чечимдерин, кадамдарын табышкан эмес. Ушундан улам акыл калчайт экенсиң да, Жусупбек эстүү жигиттей көрүндү эле, бирок жыгылганды тепкилеген адатын кантебиз? Жагынуунун башка ыкмасын деле ойлоп таппайбы? Эч бир бийлик түбөлүк турбайт. Оомат оошот, бакыт качат эмеспи. Жусупбек Коргонбай уулу туруктуу саясатчы болгусу келсе, адилеттүү, калыс позицияны карманса жарашат. Эми да кеч эмес. Акыл калчап, элдин пикирин айтсын. А болбосо тарыхта “кошоматчы” деген мөөр чекесине таамай басылып калышы толук мүмкүн. Ар бир келген бийликтин жагымпоздору боло келген, алар кайда азыр?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер