Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттарды суракка алуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлдү

Депутаттарды суракка алуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлдү

22-сентябрь, 18:53
1 237 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу» деп интернетте тараган кат боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары суракка чакырылышынын мыйзамдуулугу тууралуу маселе 22-сентябрда парламенттин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жакында ишке кирген маалыматты бурмалоо тууралуу мыйзамга карабастан сурак уюштурулганын айтты.

“Бир ырчы “кара тоголок кат” менен кайрылды эле, биздин төрт депутатты ички иштер министрлиги (ИИМ) суракка алды. Автор өзү “бул фейк, тигилерге окуткан эмесмин, кол койгон эмес. Президенттик аппарат оңдоп коюптур, меники эмес” деп айтып жатат. Жок маалымат болуп турса да депутаттарды суракка алышты. Манипуляция болгонун автор айтып жатса иликтеп жатышат”.

Башкы прокурор Зулушев депутатка “биз мыйзамдуулугун карап турабыз. Тактадык. Бирок фейк деп айта албайбыз, себеби арызда колу турат. Ал эми жасалмалап койгону боюнча биз териштирип, маалымат беребиз” деп жооп берди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер