Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Турганбаев: “Парламенттик шайлоого аттанууну жакын адамдарым менен кеңешип атам”

Мелис Турганбаев: “Парламенттик шайлоого аттанууну жакын адамдарым менен кеңешип атам”

18-июнь, 11:57
1 755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мелис Турганбаев менен чакан маек курдук. Чет мамлекетте жүргөн учурунда дарегине кээ бир кеп-сөздөр тарап кетти. Анын эң орчундуусу “300 миң долларга уулуна үй алып берди” деген маалымат болду окшойт. Бетме-бет сүйлөшүп, бул боюнча өз оозунан уктук.

-- Мелис мырза, жакынкы күндөрү Грузия, Казакстан ж.б. мамлекеттерде болуп келипсиң. Мунун баары спортко түздөн-түз тийешеси болсо керек?

-- Грузияда биздин балбандар олимпиадага даярдык көрүп, алар менен бирдикте окуу-машыгуу аракетинде жүрүшөт. Аларга баш-көз болуп жүрдүм. Андан кийин Украина мамлекети чакырган. Ар жыл сайын дүйнөлүк деңгээлде “Золотой Мангуст” деген аталышта спорт сыйлыгы бар. Кыргыз спортчуларынан талапкерлерди көрсөтүү боюнча иш-чара экен. Андан кийин Казакстанга бардым. А жерде ФИЛАнын Азия федерациясынын кезектеги иш-чаралары болду. Японияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына качан барабыз, кандай шартта, кимдер барышат (?) сыяктуу маселелерди федерация президенти Даулет Турлыханов менен сүйлөштүк.

 -- Жалпыга маалымдоо каражаттары "Мелис Турганбаев уулуна 300 миң долларга үй сатып берди" деп чыгышты. Ушул боюнча өз оозуңдан уксак...

-- “Ким жазса да оозуңа май! Ишке ашса экен!” деп ийипмин. Кана эми ошондой болсо, жыргаганы атпаймынбы! Анткен менен маалыматты окуп алып, бир чети аябай сүйүндүм, ал жагы бар. Ал эми бир чети... Мен эми болгонун болгондой айткан адаммын, жашырып-жапканды, же калп айтканды жаман көрөм. Анча кызыккандар үчүн айтып коёюн, уулум өз алдынча үч бөлмөлүү үйүндө турганына 7 жыл болду. Азыр да ошол жерде жашап жатат. Мен 300 миң доллар эмес, 300 миң сом таппай атам. Андай акчам болсо олимпиадага даярдык көрүп аткан балбандарыма жардам кылат элем. Эми мамлекетте иштебеген, өз жанын өзү багып, бирөөгө жаман айтпаган, пенсияга чыккан адамды жайына коюшса жакшы болот эле. Чындыкка дал келбеген нерселерди чапташтырбай, чукулабай, тийишпей... Анча кызыгып атса, мага келсин да. Ачык сүйлөшөлү, анын эмнеси бар?  Болжол менен жазып жаткандарды билем, кимдер аркылуу экенин да... Ошол эле Бакиевдердин фейктери. Азыр алардын чырагына май тамып атпайбы. Корко турган эч нерсе жок. Кудай алдында да, эл алдында да жүзүм жарык. Кайда иштебейин баарын элиме арнадым. 

-- Пенсия демекчи, эгер мүмкүн болсо пенсияң канча?

-- Генерал, министр болуп туруп 35 миң сом менен пенсияга чыктым. Мүмкүн кээ бир адамдар үчүн бул чоң акчадыр. Чет элге барганда уяласың, мобул эле Казакстандан сурап калышат, “пенсияң канча?” дешип. “Шүгүр” деп кутулам. Ал эми алардыкын, мага окшогон генерал, экс-министрлеринин пенсиясы биз үчүн жомок, айтканга оозум барбайт, меникинен 10-15 эсе көп. 

-- Күздө парламенттик шайлоо өтөрү белгиленди, аттанайын деп атасыңбы?

-- Алдан-күчтөн тайыгыча элим үчүн кызмат кылуудан баш тартпайм. Мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө ар дайым салым кошуп келем. Эгер парламентке депутат болуп калсам, бул ниетим эки-үч эсе күчтөнөт. Азыр бир аз эртерээк. Жакын адамдарым менен кеңешип-кесип, жакынкы күндөрү бир чечимге келем.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер