“Өкмөт миллиарддаган каражаттарды санаганы менен жарыгы карпайым калкка тийбей атат”
-- Коррупция кыйрап, бюджетибиз толуп, экономикабыз көтөрүлүп жатканын бийликтегилер пиар кылышууда. А эмнеге анда Кыргызстанда эки жарым миллионго жакын адам жакырчылыкта жашайт? Бул карама-каршылыктын жандырмагын кандайча чечмелесек болот?
Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:
-- “Коррупция 90% азайды” дегенине эл анчейин ынана берген жок деп ойлойм. “Казынаны 2-3 эсе көбөйттүк, экономика өнүгүп жатат, социалдык маселелер чечилип, куунап жашап калдык” дей берген менен реалдуулук, элдин жашоосу башка болуп жатат. Куру сөз эмес, бир-эки факт келтире кетейин. Кыргыз Республикасында минималдык жашоого керектелүүчү көрсөткүч бир айга 7600-8600 сом деп аныкталган. Ушул акчага бир адам бир ай жашай алабы? Бул көрсөткүчтөгү пенсия, пособие, жөлөк пулдар төлөнбөй, Конституцияда жазылып турганын да өз билгендей өзгөртүшү. Борбор Азиядагы эң начар көрсөткүч, 800 миң кичине балдарыбыз бала бакчага барышпайт, мектепте 3-4 нөөмөттө, класстар 40-50 окуучулар менен толгон. Ооруканалардагы абал жөнүндө сөз кылбай эле коёлу. Мындай реалдуу фактыларды эл дагы, өкмөт дагы билет, болгону цифралар, отчеттор менен жайгаруу болуп жатат. Кыргызда жакшы сөз бар, “ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” деген. Президент берилип жаткан цифралар, отчетторго эмес, элге ишенсе жакшы болот эле.
Турсунбек Акун, укук коргоочу:
-- Коррупцияга каршы иштер жүрүп жатат, бирок аны “жоголуп кетти” деген туура эмес. Бюджетке 11 миллиарддан көп акча түшкөнү менен, миллиондорду жегендерди акчасын алып эле коё берип жатпайбы? Алар “кусуп” берип эле тим болбостон, мыйзамдын талабы боюнча 5-10 жыл отуруп да чыгышы керек. Ошондо коррупцияга каршы күрөш чыныгы жүзүнө ээ болмок.
Экономикалык өсүштүн болуп жатканы жакшы. Бирок ал өсүштү карапайым адамдардын эсебинен көбөйтүү туура эмес. Пенсия, айлык көбөйгөнү менен азык-түлүккө баа болуп көрбөгөндөй өстү. Эл кыйналып жатат. Бюджетти завод-фабрикаларды куруунун эсебинен көбөйтүү керек болчу. Өлкөдөн инвесторлор качып жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Президент канча аракет кылса да, ортодогу митеге айланган катмар алардан акча талап кылып, кайрадан качырууда. Мына ушуну токтотуу зарыл! Анан курулуп жаткан объектинин булактары кайсынын эсебинен табылып жатканын өкмөт ачык айтканы оң. Табылган каражат булактары бардык жагынан ачыкка чыгышы керек. Ошондо эл ишене баштайт.
Бирок бир топ ишканалар ачылып жана иштей баштаганын көрүп жатабыз. Мына ушуларды көп айтуу зарыл. Өкмөт туруп калган жок. Болгон аракетин кылууда, бирок бул жетишсиз. Мактанып кетүүгө негиз жок.
Акан Иманов, эксперт:
-- Коррупцияга каршы күрөш жүргөнү жакшы, бирок өрт өчүргүчтөрдөй болуп атканы кемчилик болууда. Азыр деле паракорлугу жок мекемени таап чыгуу мүмкүн эмес. Ошондуктан санариптештирүү иши чоң секирик менен жылышы керек. Консолидированный бюджет деген түшүнүккө кептелгени миллиарддаган каражаттарды санап калды өкмөт. Бирок жарыгы жөнөкөй калкка тийбей атат. Айлык акы мугалим, дарыгер жана мамлекеттик муниципалдык кызматкерлердики гана көбөйдү да. Ал эми дыйканчылык кылган, мал баккан, же пособия алып жашагандардын жашоосу артка кеткени чындык. Аларда стабилдүү киреше жок. Кымбатчылык асман чапчыды. Алар эккен картошка же жүгөрүнүн сатылган наркы былтыркы баага жетпей калды. Мал арзандады. Сомдун баркы кетти. Казына көтөрүлгөнү менен элдин чыгымы да өстү. Бирок кирешелери ошол бойдон турат. Мисалы, студент балдарын окутууга квартира ижарага алышса, аларды айына тамак-аш менен камсыздашса, жок дегенде 30 миң сом керек ар бирине. Ошондой чыгымдар жашообузду оорлотуп атат. Эң чоң көйгөй – кымбатчылык болууда. Анын арты менен жакырчылык өсүүдө. Элде чыгым чоң, кирешеси болсо төмөн.
"Азия Ньюс" гезити