Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мухтар Атаналиев: “Кудай буюрса, “Жаакер” улуттук идеологиянын борборуна айланат”

Мухтар Атаналиев: “Кудай буюрса, “Жаакер” улуттук идеологиянын борборуна айланат”

31-июль, 21:53
788 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда ак жайдын керемет мезгилинде, татынакай табияттын койнунда «Жаакер» этнолагери өз ишин улантып жатат. Этнолагердин негиздөөчүсү –элибиздин сүймөнчүктүү уулдарынын бири, бир убактарда “Ак кайың”, “Атаман”, “Балалык” сыяктуу хит болуп ырдалып, элге тараган обондуу ырлардын автору, обончу жана аткаруучу, “Аят”, “Салбуурун”, “Үркүн”, “Токтогул”, “7-номер” сыяктуу тасмаларды жараткан киносценарист жана режиссер Мухтар Атаналиев. Бүгүн Мухтар мырзага бир нече суроолор менен кайрылып, жооп алдык.

-- Мухтар мырза, кеп башында “Жаакер” этнолагери тууралуу сүйлөшсөк. Себеби учурдун кызуу иши – жаа атуу боюнча балдар арасында мелдеш уюштурулуп жатат. Ушул “Жаакердин” негизделишине ким жана эмне себепкер болду? 

-- Мен акыркы 15-20 жылдан бери мектептерде окуучулар менен жолугушуп келем. Ошол кездешүүлөрдө балдарга бир суроону берем. Ал: “Кыргызстанда окуп, иштейсиңерби? Кандай кыялдар, максаттар бар?” деген суроо. Бирок, мени өтө өкүндүргөн жагдай – балдардын 80%ы “Кыргызстанда калбайбыз, бактыбызды башка жактарга барып сынап көрөбүз” дешет. Эмне үчүн? Бизде алар үчүн билимге, ишке эч кандай шарт жокпу? Кудайга шүгүр, мындан бир кылым дебейин, акыркы 20-30 жыл мурдагыга салыштырмалуу жашоо-турмуш жакшы, дасторкон толтура. Баары эле бар. Биз ушул мезгил аралыгында келечек ээлерин Кыргызстанды – өз мекенин сүйүүгө тарбиялай алган жокпуз (!) дегендик. Бул өтө оор нерсе. “Жаакер” этнолагеринин ачылыш себеби ушул. Балдарыбыздын өз мекенине болгон сүйүүсүн ойготуу, улуттук баалуулуктарды жакындан таанытып тарбиялоо, салт-санаасын, маданиятын, тарыхын балдарга жаштайынан канына сиңирүү. Мекенчил жаштар болбосо, кантип Кыргызстандын келечегин көрөбүз? Азырынча этнолагерибиз бирөө болсо, эми жети дубанда тең ачууга ниет кылып жатабыз. Биздеги эле эмес, Россияда, Түркияда жана башка сыртта жашап жаткан балдарыбызды кабыл алып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын таанытып, патриоттук сезимдерин ойготуп тарбиялоо – эң негизги максатыбыз болуп саналат.

-- Көчмөндөр оюндары быйыл Түркияда өтөт, “жааны мыкты атып, финалга чыккан балдарга бекер жолдомо” деп жарыя кетти. Бул ишке кимдер колдоочу болуп жатышат? 

-- Ооба, азыр жаа атуу боюнча балдар, кыздар арасында сынак жүрүүдө. Жаа – көчмөн элдин куралы болуп келген. Анын адамга көп пайдалуу жактары бар. Жааны керип атууда дене бойду түз кармап, алыска түз багытта карап, колдун каруу күчү менен максатты көздөөгө шарт түзүлөт. Мунун мааниси тереңде. “Бутага тийгизем” деп жатып, жаш өспүрүмдүн мүнөзү эмгекке, өжөрлүккө ыктап, кулк-мүнөзү калыптанат. Жеңүүчүлөрдү Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюндарына көрүүчү катары алып барабыз. Бул да балдарга зор стимул болуп берет, кызыгуулары артат. Мында биздин ишке колдоочулар бар. “Альянс мебель” ишканасынын жетекчиси Талант Бегматов деген патриот жигит 4 адамга Түркияда сегиз күн эс алууга сертификат берген. Биз аны жаачы балдарга пайдаланабыз. Маданият министри Азамат Жаманкулов мырзанын дагы “Көчмөндөр оюндарына эки балага жолдомо берем” деген убадасы чечилди. Азамат мырзага ыраазычылык билдиребиз. Жаа атуу – бул сүннөт, спорт дагы. Андыктан балдардын кызыгуусун көтөрөлү.

-- “Манас” эпосу тууралуу көп айттык, дагы да айтабыз. “Жаакерде” жаш манасчы Төлөбек Муса уулунун бар экени кубандырды. “Рухубуздун туу чокусу” болгон эпос тууралуу айтсаңыз?

-- Төлөбек мырзага чоң рахмат, төрт жылдан бери бирге иштешип, жаштарга “Манас” эпосун айтып, таанытып, түшүндүрүп келе жатат. “Манас” эпосу улуттун сыймыктуу, баалуу байлыгы. Ал эпос катары кандай баалуу экендиги эбак далилденген, таанылган. “Манас ата болгонбу? Кандай, ким?” дегендин кереги жок. Эпостун ичинде биздин улуттун баардык баалуулуктар эң сонун чагылдырылган. Эл башкаруу, жоокерчилик, достук, салт-санаа, ыйман, патриоттуулук, жаратылышка мамиле, мекенди сүйүү, аны коргоо жана башка толгон баалуу маалыматтар эпосто камтылган. Бизге ошол маанилүү. Биз эпосубуз менен эле жакшы жолго түшүп кетебиз. 

-- Мухтар Атаналиевди мыкты ырчы, обончу катары тааныдык эле. Эл унутпайт экен. “Чыныгы өнөр баккан адам эле, эмнеге чыгармачылыктан алыстап кетти?” деп кабатырланган күйөрмандарга эмне дейсиз?

-- Рахмат! Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Азыр деле жазган ырларым бар. Болгону ырчылыкты кесип кылганды токтотком. Ырдан кеткеним жок, “ыр шариятта күнөө” деп эсептебейм. Себеби пайгамбарыбыздын жанында да чыгармачылык менен алектенген инсандар болгон. Болгону чыгармачылыкты туура багытта колдонуу деген маселе бар. Ырдан башка жети тасманын сценарийин жазып, тартып, аягына чыгаргам. “Аят” – ыйманга багытталган, адам ыйманын таанып, ага кайрылмайын кыйнала берет деген мааниде. “Салбуурун” тасмасы Ош окуясынан кийинки улуттар арасындагы ынтымак, кайсы улут болсо да бир мамлекетте жашаган соң достукта гана жашаса деген тилекти камтыйт. “Үркүн” – оор тарыхый драманы баштан кечирген элибиздин турмушунан үзүндү катары чагылдырылган. Чынгыз Айтматовдун каармандары боюнча тартылган     “7-номер”, “Токтогул” жана мигранттарга арналган тасма – баардыгы жети тасма.

-- Келечекте “Жаакер” этнолагеринин иши кеңири колго алынып, масштабдуу деңгээлде, улуттук идеологияны жайылткан бир маданий борборго айланышын тилек кылып жатасыз, кыялдарыңыз менен бөлүшсөңүз?

-- Албетте! Бул менин көп жылдардан бери сезимимде бышып, жүрөгүмдө кайнап келе жаткан аруу максатым. Ишти дал ошондой тилек менен баштагам. Отуз жылдан бери мамлекеттик идеология керек деп келдик. Бирок улуттук баалуулуктарга негизделген мамлекеттик идеология деген эмне? Ушул суроого так жооп таппай келгенибиз өкүндүрөт. “Жаакер” этнолагеринин максаттуу аракеттери менен ушул иштердин негизи болуп берүүнү каалайт элем. Биздин лагердин базасында мамлекетти, мекенди сүйгөн жаштар чогулуп, өз улутунун баалуулуктарын өркүндөтүү менен бактылуу келечектин жаратмандары боло алышат. Азыр беш бозүй, чатырдын алдында иштеп жатсак, буюрса эмдиги жылы чоң борбор салабыз деген ниетим бар. Буга чейин “иш багытым туура нукка салынсын, өзүм да терең билип алайын, жөн эле бир туристтик борбор болуп калбасын” деп ойлонуп, изденип келгем. Эми жакшы ишке жакындан жардамчы болуп, мекенчил, улуттук баалуулуктарды аздектеген жаштарды тарбиялайлы деген командабыз бар. Ошол эле Төлөбек Муса уулу, Темирлан Акматов, Темирлан Бекботоев, Улан Усупов, Бактияр Абдираимов сыяктуу мекенчил, мыкты инсандардан турган командабыз менен улут үчүн кызмат кылып жатабыз. Кудай буюрса, “Жаакер” улуттук идеологиянын борборуна айланат, келечек ээлерин мекенди сүйүүгө тарбиялап, туура багытта иштесек, Кыргызстаныбыз баардык жагынан өсүп, өнүгөт деген ишенимдемин.

-- “Аракетчил тоо ашат”, Мухтар мырза, ийгиликтер боло берсин, сизге чоң рахмат!


Жийде Асанбек кызы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер