Расул Умбеталиев: “Баардык аймактарда светти байма-бай өчүрүү катталууда”

-- Расул мырза, жылуулук жагынан кышка даярдык, энергетикадагы абалга кандай баа бересиз?
-- 1-октябрдан баштап Кыргызстанда кышка даярдык маселеси өтө курч. Анткени энергетика саясый-экономикалык жана социалдык жагынан өтө манилүү стратегиялык маселе. Эң чоң көрсөткүч Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө суу сактагычта 13 миллиард 600 миллион куб суу бар. Албетте, бул көлөм кыш мезгилине жетишсиз. Себеби, кышкы мезгилди өтүш үчүн 17 млрд. куб суу болуусу шарт жана Токтогул суу сактагычына 19 млрд. 500 млн. куб суу топтолушу керек. Эми бул бир жагынан.
Экинчи жагынан, 2021-жылы март айынан баштап Токтогул ГЭСинде модернизация алкагында 4-агрегатты алмаштыруу иши башталган. Тилекке каршы, эки жылга жакын 4-агрегатты алмаштыра албай, тийешелүү жабдык, тетиктерди Кытайдан алып ала албай, толук кандуу бүтпөгөндүктөн, жакшы эмес жагдайга туш келүүдөбүз. 4-агрегаттын кубаттуулугу 300 мегабатт. Ал күнүгө 7 200 000 кВт/саат электр энергиясын өндүрүшү керек эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө иштебей турат. Ошол эле учурда Ат-Башы жана Үч-Коргон ГЭСтеринде да модернизация иштери аягына чыга элек. Дагы бир эң чоң көрсөткүч – ЖЭБге бүгүнкү күндө 280-300 миң тонна көмүр алынып келинген. А жалпы күзгү-кышкы мезгилге 1 млн. 750 миң тонна көмүр керек. Бу жагы да коркунуч жаратууда. Анткени ЖЭБге өз убагында көмүр апкеле албай турган шарт түзүлүп атат. Эгер баардык күчтү Токтогул ГЭСине бурсак, анда 2023-жылы апрель айларында суу сактагычта суу калбай калат. Мындан сырткары, мурунку министр Доскул Бекмырзаев 1-сентябрдан баштап бай адамдарга энергияга болгон тарифти 5 сом 4 тыйынга көтөрүп, лимитти жокко чыгарып салган. Демек, байлар ар кандай керек-жарактарына ээн-эркин колдонгондуктан, карапайым адамдарга электр энергиясы жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Ошол эле мурунку министр “быйыл биз электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстандан сатып алабыз” деген эле. Тилекке каршы, бул эки коңшу мамлекеттер эмитен эле бизге “электр энергиясын бере албай калабыз, өзүбүзгө жетпей жатат” деген билдирүүлөрдү кылышты. Ал эми Түркмөнстандан алсак болот. Бирок, Өзбекстан аркылуу келгендиктен, ал жагы да күмөн жаратууда. Бу жерде кырдаал өтө кооптуу.
-- Бизде адат болуп калган, кыш мезгилинде веердик же башка себептер менен светти өчүрүп салышат эмеспи. Бу жагы кандай болот деп ойлойсуз?
-- Бизде ар дайым “кышкы мезгилде өчүрүүлөр болбойт” деп айтып келишет. Бирок, өчүрүүлөр болот, анын ичинде веердик жагын жокко чыгаруу мүмкүн эмес, себеби оңдоо иштери болуп атат. “Бак-дарактарды кыйып атабыз, авария” деген куру шылтоо менен электр жарыгын өчүрө беришет. Ансыз да азыртан эле Кыргызстандын баардык региондорунда светти ар кандай мөөнөткө өчүрүп аткан жагдайлар байма-бай катталууда. Муну атайын электр жагын үнөмдөө максатында кылып атышат. А мыйзам боюнча 1-октябрдан баштап эч жерде өчүрүүлөр болбош керек.
-- Доскулдун ордуна келген жаңы министрди канчалык деңгээлде билесиз? Министрлик ишти алдыга жылдырып алып кете алабы?
-- Кечээ президенттин жарлыгы менен Доскул Бекмырзаевди ээлеген кызматынан бошотуп, анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу кылып Таалайбек Ибраевди дайындап атат. Эми парламент бекитүү жагы калды. Мен бу жигитти жакшы билем. Көп жылдардан бери энергетика тармагында эмгектенип жүрөт. “Кыш мезгилинде өчүрүүлөр болбойт. Мекемелерди энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылабыз” деп убада берип атат. Ошол эле учурда мага жаккан бир нерсесин айтып коёюн, “ЖЭБге Кара-Кечеден толук кандуу көмүр түшпөсө, анда Токтогул суу сактагычында келерки жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү азайып, трубиналарга жетпей калышы мүмкүн” деп эскертүү берди. Бу жагын ачык-айкын айтты. Эми калган жагын иштеп көрсүн, болбоду дегенде ушу кыштан чыгарып кетүү маселесин оң жолго коюп, жаралган маселелерди жеринде чечип кетсе жаман эмес. Биз министрди сындаганга үлгүрөбүз. Аны убакыт көргөзөт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити