Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан менен Тажикстан чек арада кармалган жарандарын кайтаруу маселесин сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада кармалган жарандарын кайтаруу маселесин сүйлөштү

23-февраль, 18:25
1 456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент–Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда эки тараптын өкүлдөрү жолугушту. 

Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев“Азаттык” радиосуна чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселеси талкууланганын билдирди.

“Сүйлөшүү болуп өттү. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул шыр эле чечиле калчу маселе эмес. Чек арадагы айрым маселелерди чечүүдө элдик дипломатияны да колдонуу керек деди Өмүрбек Суваналиев. Мындан тышкары, ынтымакты күчөткөн иш-чараларды өткөрүү тууралуу да сөз болгон. Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.

Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент–Канибадам) жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, эки өлкө ортосунда жайгашкан. 

22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына жүздөй киши чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүнү облустук бийликтен талап кылышкан. Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран “чек арадан мыйзамсыз өткөн”, “аткезчилик менен товар ташыган” деген негизде Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан. Анда облустагы өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча чара көрүп жатканын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 16-февралда Кыргызстандын беш жараны Тажикстандан 900 кг металлды, эки бодо малды, үч койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан кармалганын маалымдаган. Алардын ичинен эки адамдын үстүнөн Тажикстандын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда кыргызстандык жарандарды кайтаруу максатында тажик бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.


“Азаттык”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер