Кундус Кырбашева: «Күн менен шамал улуттук энергетикалык коопсуздукту камсыздайт»


Альтернативдүү электр энергиясы боюнча эксперт менен маек.
-- Эмитеден эле электр энергиясына таңкыстык жаралары айтылып жатат. Эмнеге бизде суу көп, бирок энергетикабыз кризисте?
-- Биздеги чоң-чоң ГЭСтер союздан калган, өзүбүз ГЭС курган эмеспиз. ГЭСтер салынган 70-жылдары анын кубаттуулугу ошол учурдагы калктын санына, завод, фабрикаларга эсептелинген. Андан бери биздин калктын саны өстү, көптөгөн жеке менчик фабрикалар ишке кирди. Ал эми электр энергияны өндүрүү көлөмү мурунку калыпта турат. Керектөө көбөйдү, өндүрүү ордунда калды. Мисалы, 2010-жылы 15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлсө, 2020-жылы 14 млрд. өндүрүлдү, бул 800 миллион кВт/саатка аз. Себеби жабдуулар эски, экинчиден, табигый маселе – суу азайып жатат. Суунун азайышы Кыргызстанда эле эмес, бүткүл Орто Азиядагы көрүнүш. Дүйнөлүк климаттык фонддун прогнозунда суу быйыл эле эмес, жакынкы 5-10 жылдыкта мындан дагы азаюусу алдыртан айтылууда. Ошондуктан «сууга көз каранды болгон мамлекеттер экономикаңарды азыртадан ойлонгула» деген коңгуроосун какты. Сен бир эле булактан көз каранды болбошуң керек. Маселен, биз энергетиканын 97%ын суудан алабыз. Баарын сууга байлап салдык, эгер суу азайып же тартыш болуп калса эмне кылабыз? Абалдан кантип чыгабыз? Ошондуктан энергетиканын альтернативдик булактарын колдонууга өтүү зарыл. Алар күн жана шамал. Мамлекет муну өнүктүрүшү керек. Бул улуттук энергетикалык коопсуздукту камсыздайт.
-- Бул практика канчалык популярдуу?
-- Бизде электр энергиясын альтернативалык жол менен алууга баардык шарттар бар. Мисалы, күндөн 3,5 млрд. кВт/сааттан ашык, шамалдан 2 миллиарддан ашык кВт/саат энергия алганга мүмкүн. Негизги маселе мыйзамдарды ушуга ылайыкташтыруу. Президенттин тапшырмасы менен эксперттик топ мыйзамдарды инвентаризациялоонун үстүндө иштеп жатабыз. Мындай энергия өндүргөндөрдү кошумча салыктардан бошотуу жолдору каралышы керек.
-- Электр энергиясын альтернативдүү жолдор менен алуунун экологиялык мааниси канчалык?
-- Быйыл электр энергиясынын тартыштыгынан ТЭЦте мурдагыдан көмүрдү эки эсе көп жакканга мажбур болуп жатышат. Ал эми Бишкекти каптаган кара ыш көйгөйүн баардыгыбыз билебиз. Бул бирден-бир экологиялык маселе. Жашыл энергия – дүйнөлүк тренд. Андыктан энергияны өндүрүүнүн альтернативдүү жолдоруна тезирээк өтүү маанилүү.
-- Мыйзам кабыл алынгандан кийин альтернативалык энергияны мамлекет өндүрөбү же жеке жактарга уруксат берилеби? Мыйзамда эмне деп жазылды?
-- Мыйзам менен мамлекеттик багытта жеке ишкерлерге, инвесторлорго да өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, бул тез эле өнүгүп кетет. Биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал үчүн кошумча салыктарды азайтуу каралыш керек, мындан жумуш орундары дагы түзүлөт. Эң негизгиси, Кыргызстандын дээрлик аймактары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалуусу шарт.
-- Бүгүнкү күнү Кыргызстанда өндүрүлгөн альтернативдүү электр энергиясынын кубаттуулугу канчалык?
-- Албетте, суу менен өндүргөн электр энергиясын күндөн, шамалдан алган энергия толугу менен алмаштыра албайт. Бүгүнкү күнү бизде альтернативдүү жол менен алынган электр энергиянын көлөмү 1%га да жетпейт. Бир дагы шамал электр станциясы, бир дагы күндөн энергия алуучу ири объект жок. Ушуну 5%га жеткирип алсак деле бизге жетишкендик болот. Өлкө импорттон көз каранды, буга чейин энергияны Казакстан, Өзбекстандан алып келсек, эми Түркмөнстандан алганы жатабыз. Кандай гана продукциянын түрү болбосун, импорт улуттук экономика үчүн зыяндуу. Баардык эле өндүрүмдү сырттан ала берсек, атамекендик өндүрүш өлөт. Эгер альтернативдүү энергия өндүрүүнү ийгиликтүү колдонуп баштасак, импорттук көз карандылыкты азайта алабыз.
-- Тарифти көтөрүү энергетикадагы көйгөйдү канчалык чече алат?
-- Бүгүнкү күндөгү электр ишканаларынын бир жылдык чыгашасы 8 млрд. сомду түзөт. Бул чыгаша сырттан, донорлордон алынган карыз акчалар менен жабылууда. Качанкыга чейин карыз алып жашайбыз? Өз наркы менен төлөгөндү үйрөнбөйлүбү? Элди арзан электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында энергетикага салынган карыздардын көлөмү 2 млрд. доллардан ашты. Макул, бүгүн биз арзан жашап жатабыз, бирок бул карыздарды балдарыбыз төлөйт да? Бензинге, нанга жана башка көптөгөн нерселерге баалар көтөрүлүүдө, ошондуктан тариф саясатын деле колдош керек деп ойлойм.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити











