Элдин турмушун жакшыртуу, саясый топтордун чыңалуусун солгундатуу амалдары табылабы?
Бийликке каршы топтор, саясатчылар бул саам шайлоону “пайдалана” албай калышты. Митингдерге былтыркыдай кылкылдаган калк келбей койгону, анчейин себеп жоктугу, көпчүлүк шоулар тажатканы, кимдир бирөөлөрдүн куралына айлануунун маңызы байкалды... Мындайда оппозициячыл күчтөр эмне кылышат? Биз угуп жаткандай, алар жазга чейинки светтин өчкөнүн, отун-суу тартыштыгын, азык-түлүктүн кымбаттаганын, дегеле экономикалык-социалдык көйгөйлөрдү көтөрүү менен кайрадан митингдерди уюштурушуп, башаламандык жаратууга барышары ыктымал. (Эл ар дайым курал катары пайдаланылып келгенин үч жолку төңкөрүш көрсөткөн). Андыктан, бийлик иштеш керек. Элдин турмушун жакшыртуу, саясый топтордун чыңалуусун солгундатуу амалдары табылабы? Дал ушул жагын жазда эмес, азыр ойлонуу зарыл.
"Азия Ньюс" гезити