Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык ШЕР-НИЯЗ, ЖК депутаты: “Жылаңач аялдын он кадам басып койгонунан эч нерсе бузулуп кетпейт”

Садык ШЕР-НИЯЗ, ЖК депутаты: “Жылаңач аялдын он кадам басып койгонунан эч нерсе бузулуп кетпейт”

06-декабрь, 13:10
630 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Садык агай, музейдеги көргөзмөдөн кийин кыргыз коомчулугу чуу көтөрүп чыкты. Дүйнө аралап жүргөн адам катары айтсаңыз, ал искусствобу?

-- Биз, кыргыздар салты, маданияты, тили, дили, үрп-адаты бийик элбиз. Ошого жараша сабырдуу болушубуз керек. Коомдогу маанилүү маселелерге көңүл бурганды үйрөнүшүбүз шарт. Жанагыдай көргөзмөдөн чуу көтөрүп чыккан замандаштарыма кыргыздын нарктуу маданияты, өнөрү, салты жылаңач аялдын он кадам басып койгонунан бузулуп кетпейт. Анын жылаңачтанган кебетеси салтыбызга, маданиятыбызга эч кандай кедергисин тийгизбейт. Албетте, мен ал көргөзмөгө катышкан жокмун. Катышсам, кандай бийик искусство бар экенин айтып бермекмин. 

-- Бул көрүнүштү элди кандайдыр бир алагды кылуучу аракет катары баалаган ойду айтып жатасыз...

-- Маселенин баары ушунда жатат. Музейдеги көргөзмө майда-барат гана нерсе. Андан алда канча маанилүү проблемалар болуп жатат бизде. Биздин миллиондогон доллар ырыскыбыз сыртка чыгып кетип жатса да, коррупция азаймактан, улам гүлдөп өсүп жатса да, биз кайдагы бир көргөзмөдөгү иштерге алагды болсок, анда биздин улут катары, эл катары маданиятыбыздын, билимибиздин тереңдиги кайда калат? Мен билбейм, бирок, балким чын эле ушундай максатта уюштурулган иш-чара болгондур. Кандай болгондо да, биз улуу элбиз, майда-барат нерселерге алагды болбошубуз абзел.  

-- Текебаевдин жаңы чыккан жыйнагын окуп чыктыңызбы? Мазмуну тууралуу эмне айта аласыз?

-- Биз дайыма башка өлкөлөрдүн лидерлеринин сөзүн кайталап, башка улуттун мыктыларынын китептерин окуп, башка бир идеологиядан цитата келтирип сүйлөйбүз. Өзүбүздө деле андай лидерлерибиз, мекен үчүн чындап күйгөн патриотторубуз арбын. Алардын тарыхый баскан жолу бар. Ошолордон үлгү алышыбыз керек. Өсөр дымагы бар жаш муундун, орто муундун саясатчылары ушул сыяктуу китептерден, ой-пикирлерден, маектерден жакшы нерсе ала алышат. Көңүлгө изги боло турган чоң ойлор камтылган китеп чыгарышканына кубанычтамын. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер