Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев: «Тышкы карызды кое туруп, элге жөлөк пул тараталы»

Жанар Акаев: «Тышкы карызды кое туруп, элге жөлөк пул тараталы»

25-март, 17:41
1 151 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Жанар мырза, 500 миң адамга 5 миң сомдон жөлөк пул берүү боюнча сунуш айттыңыз. Бюджет көтөрөбү ошону?

--Албетте, тез арада жөлөк пул беришибиз керек элге. Жок дегенде ун, май, чай алып, биринчи кезекте керектелчү азыктарды, дары-дармек алып турушу шарт. Азыркы учурда Кыргызстан боюнча кафелер, ишкана, соода сатык, базарлар жабылып, коомдук транспорт токтоп, айлык алып иштеген мекендештерибизди “үйгө отургула” деп, жугуштуу илдет жоюлгуча, экономикабызды токтотуп койдук.Ушул тапта өкмөт аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдү колдоо жана бизнести коргоо боюнча программаларды даярдап жатат. Айтып коюшубуз керек, бул чаралар абдан кечеңдеди. Мен сунуштаган атайын мыйзам менен кабыл алынчу төрт иш-чаранын пакети жеке менчик сектордо иштеп, бирок, жумушу токтотулуп калган мекендештерди колдоого багытталат. Бул демилгелерди ушул аптадан калтырбай мыйзам катары кабыл алышыбыз зарыл эле. Бир топ чыгымдарды кескин кыскартып, акчаны жакыр бүлөлөргө азыр табышыбыз керек.

--Бирок, бюджет...

--Акча жок эмес. Эң биринчи кезекте тышкы карызыбыз бар мамлекеттер менен сүйлөшүп, карыздын төлөө мөөнөтүн узартууга болот. Ошол эле депутат Акылбек Жапаров «карыз төлөй турган 170 миллион долларыбыз азыр бар» деп айтты. Пролонгацияны сүйлөшүү азыр бизди кырдаалдан чыгарат. Казакстан бир жарым миллион жаранына айына 90 доллардан жөлөк пул бермей болду илдетке байланыштуу. Биз жок эле деген беш жүз миң жараныбызга 5 миң сомдон бергенге мүмкүнчүлүк бар. Антпесе тейлөө тармагында, дегеле айлык алып жалданып иштеген миңдеген жарандарыбыз азыр жумушсуз калды, киреше дээрлик токтоду. Өкмөт өз жарандарынын алгачкы муктаждыктарын чечүү үчүн каражатты аябашы керек. 

Андан сырткары ипотекалык кредиттерди төлөөнү 3 айга токтотулуусу шарт. Ошол эле мугалимдер, врачтардын көпчүлүгү, айлыкка жашаган кирешеси аз жарандарыбыз ипотекага үй алышкан. Азыр аларда аны төлөө мүмкүнчүлүгү жок. Керектөөчү кредиттердин жана микрокредиттинүстөк пайызын, кошумча айып акчалардын баарын токтотуу зарыл экенин өкмөткө айттым. Шаарларда квартиранттардыушундай учурда мажбурлап чыгарууга тыюу салуу сунушун да бердим.

--Сиз айткандай, фондуга чогулган акчалар чын эле эмнеге пайдаланылбай турат?

--Мен ошого абдан таң калып жатам. «Акчаны максаттуу пайдаланабыз, керектүү дары-дармектерге буйрутма бердик» деп жатышат. Ишкерлер, мекенчил азаматтар миллиондоп акча которуп жатышат, бирок дарыгерлерибиз элементардуу эле бет кап, медициналык костюмдар жетпей жатканын айтышып, даттанып жатышат. Италиядагыдай бул илдет каптап кирбесин (!) десек, биз биринчи кезекте врачтарды коргошубуз керек. Азыр врачтарыбыз обсерваториядагыларды карап, андан чыгып кайра ооруканага барып, операцияга кирип, анан үйүнө кетип эле аралашып жүрүшөт. Бул өтө чоң катачылык. Ушуну алдын алууну, врачтарга көңүл бурууну билдирип, азыр эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен сүйлөштүм. Оштогу врачтардын үнүн жеткирдим. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер