Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баары биринчи аялыма жетпеди. Аны сагынам...

Баары биринчи аялыма жетпеди. Аны сагынам...

29-октябрь, 18:19
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эми ойлосом, болбогон эле майда-барат нерселерден урушуп, көңүлүбүздү калтырыптырбыз. Ашыкча кызгана берчү экенмин. Биринчи аялым менен он жыл жашап, ажырашып кеткенбиз. 

Эки жылга жетпей кайра башкага үйлөндүм. Көп өтпөй эле мамилебиз келишпей калды. Бул аялым оңдуу чыкпай, тили узун болуп, чатакка жакын экен. Анан калса, мурдагы тааныштары чала берет. Кээде себепсиз эле жарым күндөп жок болуп кетет. Айтор, азабымды бере баштады. Үйгө туугандары да көп келип, жатып ичер кайын журтка кыжырым кайнатып бүттү. Бир жылдан ашканда дагы ажырашып тындым.

Учурда эмне кыларымды билбей жүрөм. Башында кыз-келиндер менен сүйлөшсөң эч нерсеси билинбейт, турмуш кургандан кийин эле балээнин баары чыгат тура. Азыр да бир кыз менен сүйлөшүп атам. Кайра үйлөнүш керек. Бирок баары биринчи аялыма жетпеди. Аны сагынам...


Айбек   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер