Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров, экономист: “Импорттук инфляция да өз ролун ойноп жатат”

Төлөнбек Абдыров, экономист: “Импорттук инфляция да өз ролун ойноп жатат”

03-август, 22:33
634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы мезгилде азык-түлүк, коммуналдык кызматтар жана башка негизги керектөө товарлары кескин кымбаттап баратканы байкалууда. Бул эмне менен байланыштуу?

-- Бул маселе жөн жерден чыккан жок. Азыркы инфляциянын өсүшүнө бир нече фактор таасир этүүдө. Биринчиден, азык-түлүк жана электр энергиясы сыяктуу негизги товарлардын жана кызматтардын баасы кескин жогорулады. Экинчиден, импорттук инфляция да өз ролун ойноп жатат. Себеби, өлкөбүзгө товарлардын көпчүлүгү сырттан келет, бул түздөн-түз биздин рынокко таасирин тийгизет.

-- Карапайым эл үчүн мындай кымбатчылык кандай таасир этүүдө?

-- Эл бааны өз капчыгынан сезет. Мисалы, чачтарач кызматы эки эсе кымбаттады. Жарык, суу, жылуулук үчүн тарифтер өстү. Базардагы азык-түлүктүн баасы да күн сайын өзгөрүүдө. Бул түздөн-түз жашоонун кымбатташын билдирет.

-- Расмий маалымат боюнча инфляциянын темпи кандай?

-- 2024-жылы расмий инфляция 6,3% болгон. Ал эми 2025-жылдын май айында бул көрсөткүч 8%га жетти. Бул Улуттук банктын 5-7% деңгээлинен жогору. Бирок жылдын экинчи жарымында азык-түлүккө болгон баанын өсүшү жайлайт деген үмүт бар. Бул инфляцияны кайрадан көзөмөлдөп кармоого шарт түзөт.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер