Мен жолдошума аял алып берүүнү ойлодум, себеби...
Биз жолдошум экөөбүз бир-бирибизди жактырып, ак сүйүү, таттуу кыялдар менен баш кошконбуз. Жолдошумду аябай жакшы көрөм. Баш кошконубузга алты жыл болот. Эки уулубуз бар. Үчүнчү ирет жай айларында көз жарам. Кечээ жолдошум “уруксат бересиңби, экинчи аял алайын? Экөөңдү тең багам” деди. Мен тыйганым менен күнөөгө батып, башкага барат. Эркектердин табияты ушундай экен. “Андан көрө экинчи аял алганы туура го” деп ойлойм. Себеби, анын дагы оокат жайы, балдары болсун, жолдошум сооп алсын да. “Экинчи аялы катары турмушка чыгам” дегендер, турмушунан ажыраган же бир баласы менен калган айымдар барбы? Мен жолдошума токол алып берүүнү ойлоп турам. Жолдошум 26 жашта. Балким менин сунушум айрымдардын кыжырын келтирсе, бирок мага эмнегедир ушундай ойлор келип атат...
Анара
"Азия Ньюс" гезити