Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ноокатта 4 жашар бала терезеден кулап түштү

Ноокатта 4 жашар бала терезеден кулап түштү

14-июнь, 11:46
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облусунун Ноокат районундагы бала бакчанын терезесинен түшүп кеткен бала боюнча милиция текшерүү иштерин баштады. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында "Саламат" балдар бакчасында болгон. Анда бакчанын терезесинен бала түшүп кеткен.

"Аталган маалымат электрондук журналга катталып, текшерүү иштери башталган. Алдын ала текшерүү учурунда 13-июнь күнү саат 11:10 чамасында 25 жаштагы Б.Т.4 жашар баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып келип, директорго тапшырып кеткендиги такталды. Бала болжол менен саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калгандыгы, аны 67 жаштагы тургун кармап калганы аныкталды.

Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз-доосу жок экендигин билдиришти"  дешти маалымат кызматынан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер