Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга шектелген Пирматов эми Сулаймановду сатып кетеби?

Коррупцияга шектелген Пирматов эми Сулаймановду сатып кетеби?

09-ноябрь, 11:28
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан депутат Исхак Пирматовго карата суроолор бар эле. Чо-оң саясатчы катары жооп берип койсо деле болот, эгер тырышмайы кармап, керсейип кетпесе...

Убагында Исхак Пирматовду адам кылган, көчөдө жүргөн жеринен кызматка орноштуруп, улам чоңойтуп отурган Азиз Турсунбаев эмес беле? Көрсө, убакыт кимдин-ким экенин далилдейт тура. “Кыргызнефтегаздан” Пирматов өлөрчө байып алып, оозу-мурду кыйшайбастан акесин сатканы, аягы оппонент болуп, Ала-Бука районунан добуш талашып калганына кандай баа бересиңер? 

Кийин “Республика” фракциясынын лидерлигинен Канатбек Исаевди кетирүүнү башташып, интрига кылышып, дал ошонун чордонунда Пирматовдун кайнаганы калппы? Кийин Канат мырза башын чайкап, ушунчалык бетсиздиктин жеткен чегине баш чайкап жүрдү го? Үзөңгүлөштөрдү, досторду сатып кетүү кеп бекен? 

Соңку кызыктарга келсек, ушу тапта “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен Исхак Пирматовдун мамилеси сууп, экөө эки жакты карап калганы ыраспы? Амалдуу Исхак “Бир Болдун” шансын байкап, акырындык менен Төрөбай Зулпукаровго ыктай баштаганы, ага жабышуу менен кайрадан парламентке келүүнү кыялданганы ишке ашабы? Дал ушул жерден пластинканы артка түрдүрөлү: 5-чакырылышта Өмүрбек Текебаевдин жаалданганы менен олуттуу маселе козголуп, Исхак Пирматов олчойгон коррупцияга шектелип, башкы прокуратура камакка аларда Алтынбек Сулайманов арачыга түшүп, депутаттарды түп көтөрүп, коомдук пикирди көзөмөлдөп, президенттин аппаратына чейин аброюн салып, айтор, түрмөнүн оозуна жеткизбей сактап калбады беле? Мына ушул жакшылык үчүн өмүр бою Алтынбек мырзанын аягынан өпсө да аздык кылбайбы? Эгер камалып кеткенде ошол бойдон жок болмок да, туурабы? Тилекке каршы, реалдуу турмушту кечээги кыйынчылыктарга туруп берген досун эми Төрөбай Зулпукаровго алмаштырып, башын аттап кетсе эл эмне дейт? Коомчулук түкүрүнүп ийсе көлгө айланып кетпейби?..

Али кызыктар баштала элек. Азырынча сабыр этип, суроо гана жолдоп турабыз. Мерчеми келгенде “мээлегенге” да кез келет...


Тайлак НАЗЫМОВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер