Арсланбек Кененбаев, эксперт: “Курулуш тармагында цементке карата суроо-талап 20%га жогорулады”


-- Учурдагы цемент тартыштыгынын негизги себептери кайсылар? Өндүрүш көлөмү мурунку жылдарга салыштырмалуу кандай өзгөрдү?
-- Цементтин кымбаттап кетишинин жана тартыштыктын негизги себептеринин бири – курулуш тармагындагы суроо-талаптын 20%га жогорулашы. Азыр Кыргызстанда мамлекеттик да, жеке сектордо да ири көлөмдөгү курулуштар жүрүп жатат. Суроо-талап 700 миң тоннадай жылдык керектөөгө жетип, бул чоң басым бааларга да, жеткирүү жаатында да көйгөй жаратууда. Ошол эле учурда, былтыр өкмөт цемент импортун чектеген чечим кабыл алган, айрыкча жүк ташуучу автоунаалар аркылуу ташууга тыюу салынган. Мунун айынан мурда цемент ташып келген Өзбекстан жана Казакстандан жеткирүүлөр токтоп калды. Мурда мындай импорт жергиликтүү заводдор токтоп калганда же өндүрүш үзгүлтүккө учураганда цемент жетишсиздигин жабууга жардам берип турчу. Быйыл бул чектөөлөр алынды. Бирок ошол эле учурда Кеминде жаңы цемент заводу иштей баштады. Ал азырынча жаңыдан киришкендиктен, сапатын туура жолго коюу үчүн убакыт талап кылынат. Цемент өндүрүү өтө татаал процесс – бул жерде чийки заттын сапаты, технология, көмүрдүн сапаты, адистердин квалификациясы сыяктуу көптөгөн факторлор маанилүү. Ошондуктан, азырынча бул завод керектүү көлөмдө өндүрө албай жатат.
-- Кеминдеги цемент заводун кеп кылып калдыңыз...
-- Сапат начар болсо, курулуштарда коопсуздук маселелери жаралат. Ошондуктан азырынча бул заводдон чоң көлөм күтүүгө болбойт. Өндүрүш көлөмү толук жетише элек, ал эми импортко коюлган чектөөлөр да мурун тоскоол болду. Азыр алар алынып салынды, ошондуктан жакын арада абал оңолушу мүмкүн.
Кыргызстандагы цемент баасы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн гана эмес, импорттон да көз каранды. Кемин заводу толук ишке кире элек. Импортко коюлган чектөөлөр мурун чоң көлөмдө ташып келүүгө тоскоол болгон. Азыр чектөөлөр жок. Кемин заводунун иши менен өндүрүш көбөйөт деп күтүлүүдө, бирок суроо-талап да абдан чоң. Ал дагы өсө берет.
Бул көйгөйгө таасир эткен негизги факторлор – КСК жана Кемин заводдорундагы үзгүлтүктөр, коңшу өлкөлөрдөн унаа менен ташууга болгон чектөөлөр, курулуштардын негизинен жай мезгилине туш келиши жана суроо-талаптын кескин өсүшү. Ошондуктан цемент тартыштыгы жана баалардын өсүшү келип чыкты. Бирок жакынкы 2-3 жуманын ичинде абал жакшырышы керек.
"Азия Ньюс" гезити











