Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов: “Алтынды ала албай калсак, анда экологиялык оор көйгөй менен гана алышып калабыз”

Айданбек Акматов: “Алтынды ала албай калсак, анда экологиялык оор көйгөй менен гана алышып калабыз”

04-июнь, 00:12
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Кумтөр алтынга эмес, алааматка жакын” дегендей, оор көйгөй тууралуу сөз козгодуңуз. Тарткылыгыбыз дагы алдыда турабы?

-- Кумтөр менен алгач келишим түзүлүп жатканда биз баардыгыбыз ал жердеги алтынды алып, бирок экологиялык түзүлгөн кырдаалга Кыргызстан өзү жоопкерчилик аларын билгенбиз. Бул ушундай соода болгон. Кээ бирөөлөр кабыл албай койгон, кээ бирөөлөр “мындан башка айла жок” дегендей пикирде эле. Себеби, “Центерра” ушунча жыл алдап келди, дагы алдайт. Экологияны акырында ошол бойдон калтырып кетет. Ошондуктан алтынды алып калсак, ошол бизге жакшы болот” дегендей ойду айткам. Бирок азыркы түзүлүп жаткан кырдаал ошол сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адамдардын таптакыр башка ойдо болгонун көрсөткөнсүйт... 

Эгерде ал жерде катастрофа болуп, тоо этектери урап түшө турган болсо, анда алтындан куру жалак калуу маселеси турат. Алтынды алалбай калсак, анда биз экологиялык оор көйгөй менен гана алышып калабыз. Өзүңүздөр билгендей, ал жерге миңдеген тонна уу калдыктар сакталган. Эгер экологдор айтып жүргөндөй кокус бир кырсык болуп кетсе, көлгө дагы, Нарын дарыясына да, жалпы эле региондорго оор кесепетин тийгизет деп айтылып келет. Бул боюнча 260 млрд. доллар доо дагы коюлуп, келишимден кийин мындан баш тартышкан. Бул түшүнүктүү болчу. Себеби, Кыргызстан өзүнө өзү айып коё албайт, соттун чечими ушуга барып такалат. 

Мени бүгүнкү бийликте жоопкерчиликтин жоктугу аябай түйшөлтөт. Аларда “кенди бир жылга эптеп иштетип турсак” дегенден башка ой жоктой. Ошол аябай тынчсыздандырган жагдай. Экологиялык мындай абалга тушугарыбызды билгенде, Кумтөрдү “Центеррадан” албай туруп доого жыгыш керек эле. Азыр тоо этектери урап түшө турган болсо, бизге абдан чоң зыян. Ушул жагы түйшөлтүп, тынчсыздандырып турат. 

Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер