Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек МЫРЗА, “Элдик курултай” кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы: “Жерүй маселесин талашууда биз сатылып, өз энчибизди алып кетпейбиз”

Айбек МЫРЗА, “Элдик курултай” кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы: “Жерүй маселесин талашууда биз сатылып, өз энчибизди алып кетпейбиз”

07-октябрь, 09:09
531 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу элдик жыйын 1-октябрга белгиленген эле. Бирок болбой калды. Эмне себептер болду?

-- Жерүй маселесин көтөргөндөн бери эле резонанстуу болууда. Баткенде да чек ара маселеси чыкты. Жерүйгө кызыкчылыгы барлар өтө чоң провокация уюштурары тууралуу маалыматтар тарады. “Өткөртпөйбүз, бузабыз, ар кайсы саясый күчтөр мунун артында турат” деген ушактар чыгып, көптөгөн провокациялар күтүлдү. Андан тышкары, укук коргоо органдары тарабынан да ошол факты боюнча “бийликти күч менен басып алууга чакырык таштады” деген кылмыш иши мага козголуп, менин үстүмдөн дагы кара пиарлар катуу жүрдү. Үч ирет ИИМге, төрт ирет УКМКга барып сурак бердим. 

“Мамлекеттин бүтүндүгү болсун, провокацияларга жол бербейли” дедик. Андан тышкары, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев дагы кабыл алды. “Өкмөт башчынын сөзүн угуп, ага да жараша жыйынтык чыгаралы” деген ой болду.

-- Өкмөт башчы кабыл алганда кандай убадалар берилди? 

-- Аны менен жолугушуу конструктивдик маанайда өттү. Биздин талаптардын баарына алар дээрлик макул болушту. Эки ай аралыгында өкмөт инвестор тарап менен сүйлөшүп, мамлекеттин үлүшүн кайтарып алууга баардык күч-аракеттерин жумшай турганын айтты. Жакында чоң курултай өткөрүүнү дагы пландаштырып жатабыз. Бул курултайда алардын аракетине баа берилет. 

-- “Бул жыйынды уюштуруп жаткандар өкмөт башчыга жолугуп, өз энчилерин алып, ооздору басылды” деген кептер тарады...

-- “Сатылып кетти, өз энчилерин алышты” дегендин баары ушак. Ар ким өзүнө, өзүнүн деңгээлине жараша биздин аракетибизге баа берет. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров буга чейин деле президенттин кабыл алуусунда болуп, президенттин оппозиционери катары кеңештерин берип келген. Бирок өзү дагы, жакындары дагы кызмат алууга кызыкдар эмес. Ал адам, же балким мен да кызматка кызыккан болсок, көп эле мүмкүнчүлүктөр болгон. 

-- Эгер Азимбек Бекназаровдун жакындары кызмат алса деле өз энчиңерди алып, жыйынды атайын жылдыргандай таасир калтырасыңарбы? Буга кандай дейсиң?

-- Бекназаров “24.kg” сайтында расмий маалымат берди. “Элчилике кетет” деген ушак экенин айтты. Биз арзыбаган нерселер үчүн артка чегинген жерибиз жок. Жерүйдө мамлекетибиз өз үлүшүн алмайынча күрөшкөнүбүз күрөшкөн. Жерүйдөгү адилеттүүлүккө жетүүдөн тайбайбыз, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөштүн жаңы гана башталышы. Биз бул күрөштү акырына чейин чыгарабыз. 

-- Депутаттар тарабынан кандай көмөктөр болууда?

-- Жерүй боюнча канча деген резананстуу маселелер болуп жатат. Жогорку Кеңештин бир да депутаты үн катып койгон жок. Жакында шайлоо иштери башталат. Ошондо куру убадаларын берип, эл алдына келишет. Ошондо мен баардык фракция лидерлерин, Жогорку Кеңештин депутаттарын, “мен элитамын” деген адамдардын баарын Жерүйдөн күтөм. 

Жерүйдө 5 миллардга жакын байлыгыбыз бар. Ошону конкурс аркылуу 100 миллион долларга сатып жиберген. Инвесторлор ашып кетсе 500-600 миллион доллар сарпташты. Жерүйдө кыргыз мамлекетинин үлүшү 70% болушу керек. Ошондо адилеттүүлүк болмок. “Жерүйдө Атамбаев менен Бабановдун тийешеси барбы?” деген суроону койдум. 2015-жылы Жерүй боюнча өткөн конкурс текшерилиши керек. Баары чубалып айкын болот. Эмне үчүн ЖК депутаттары 356 миллион доллар кеткен ЖЭБдин иштерин комиссия түзүп текшерип жатат да, 5 миллард долларлык Жерүй иштери боюнча унчугушпайт?  

Эгер инвестор Муса Бажаевдер сөзгө келип, мамлекетке үлүш каралбаса, анда ЖКнын тоо-кен жана энергетика комитети сотко кайрылып, 2015-жылкы өткөн конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарышы керек.  

-- Президент Сооронбай Жээнбековдун коопсуздук кеӊештин жыйынында “тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир” деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди колдоого чакырганы иш жүзүндө кандай кабыл алынды? Сени УКМКга чакыруулары, кылмыш ишин козгоп, басым, кара пиарлары президенттин сөзүнө каршылыкпы?

 -- Жогоруда белгилегендей, ИИМге үч, УКМКга төрт жолу сурак бердим. Анан расмий түрдө эскертүү беришти. Балким бул иштердин артында Путин турган жокпу? Күмөн санайм да...


Жерүйдүн колдон-колго өткөн жолу

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Анын жыйынтыгы боюнча кенде 100 тоннага чукул алтындын кору бар экени аныкталган. 1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. Мурдагы президент Акаевдин тушунда бул кенди иштетүү укугу англиялык «Оксус Голд» компаниясына берилсе, андан кийин Бакиевдин бийлигинин тушунда бул алтын кен долбоору «Global Gold» компаниясынын колуна өткөн. 2007-жылы лицензия казакстандык «Визор групп» компаниясына сатылган.

2010-жылдан кийин өкмөт анын лицензиясын жокко чыгарган. Мындан кийин компания кыргыз өкмөтүнө миллиондогон доо коюп, эл аралык арбитражга кайрылган. 2015-жылы бул алтын кенин “Востокгеолдобыча” компаниясына берилип, алардан ала турган 100 миллион доллардан тышкары ага мурдагы инвестордун доосун жөнгө салуу милдети да жүктөлгөн.


Өкмөт кандай сүйлөшүүлөргө барат?

Жакынкы күндөрү эле Монголиянын административдик иштер боюнча соту «Центерра голд Монголия» (Centerra Gold Inc) канадалык компаниясынын чалгындоо жана өндүрүү укугун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Mongolnow” порталы жазды.

Centerra Gold Inc. – Орто Азиядагы алтын өндүрүүчү ири компания болуп саналат. Ошондой эле канадалык компания алтынды чалгындоо жана өндүрүү боюнча Түндүк Америка, Азия жана бир топ өлкөлөрдө иш алып барат.

Доо арыз «Ноён уул тоосун куткаруу» уюму тарабынан жазылган. Маалыматка ылайык, “Ноён уул тоосунда” гунндарга таандык баалуу археологиялык табылгалар бар. 

Эми биздин бийлик Жерүйдү иштетип жаткан орусиялык ишкер Муса Бажаевге караштуу “Востокгеолдобыча” компаниясы менен кантип маселе чечет болду экен?


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер