Абдыкаровдун өкүл баласы, Бурулайдын өлүмүнө шалаакылык жасаган Асановдун амбициясы


Жайыл РИИБсинен Бурулай бычакталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндө дүйнөлүк коомчулук дүңгүрөгөн. Мындай жапайычылыкка жол берген бир катар милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазаланган эле. Алардын ичинде Чүй ОИИБнин орун басары Марлис Асанов да шалаакылыгы үчүн айыпталган. Бирок убкыттын өтүшү менен көз жазгырып кеткенин карачы! Учурда Талас ОИИБсин жетектеп отурат. “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Убагында ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров камактагы Садыр Жапаровдун балдарын аёосуз сабатып, туугандары менен каматып салганда, Марлис Асанов ошол иштерге аралашып, Биринчи Май РИИБнин орун басары катары “эрдик” көрсөткөнү жалганбы? (УКМК имараты бул райондун карамагына кирет.) Эми Таластагы креслосуна алымсынбай, Чүй ОИИБ начальнигине, же Бишкек ШИИБнин 1-орун басарлыгына которулууга жан сабап атканы кандай? Өздүк курам ичинде талкууга алынууда. Марлис Асанов көптөгөн “кыңыр иштерге шектүү” Данияр Абдыкаровдун көздөй кадры, өкүл баласы. Бул факт! Эми ушундайлар кайрадан баш көтөрүшүп, милицияны каалагандай калчай беришеби? Кайран гана тазалык, адилеттүүлүк тепсендиде калганда...
"Азия Ньюс" гезити











