“Өкмөт салык алууну эле ойлобой, шарт түзүүнү да камсыздасын”

-- Быйыл салык саясаты жөнгө салынабы? Ишкерлерге кандай шарт түзүп берүү керек?
Умар Анарбаев, серепчи:
-- Салык саясаты акырындык менен жөнгө салынып келе жатат. ККМ аппараттарынын ишке кириши салык системасынын санариптешүүсү мурда болуп көрбөгөндөй жыйынтыктарга алып келүүдө. Көмүскө айлануудагы каражаттар ачыкка чыга баштады. Анын эсебинен республикалык бюджет жылдан жылга өсүүдө. Ошол эле мезгилде салыктын жаңы түрү киргизилбегендигин да кошумчалай кетүү абзел, мындай көрүнүштү Кудайга шүгүр десек болот. Ишкерлер үчүн эң негизгиси бул – коопсуз ишкерчилик жүргүзүү. Мурда ишкерлерди “карасы” деле, “кызылы” деле келип жулмалай берчү. Азыр андай терс көрүнүштөрдүн баары жоюлган. Жалпы эле бизнести коргоо жаатында мамлекет зор иштерди аткарууга жетишти. Жалпыга маалым болгондой, азыркы убакта Камчыбек Ташиевдин коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүсүнүн натыйжасында чакан жана орто бизнеске чоң колдоо көргөзүлүп жатат.
Эми ишкерлерди пайызы төмөнкү насыялар же чакан жана орто бизнести жаңы баштап жаткандарга (стартап) экономикалык көз карашта жолун таап, пайызсыз займ менен камсыздаса, алардын ишинин өнүгүп кетүүсүнө өбөлгө болмок деген ойдомун.
Турат Мадылбеков, экс-депутат:
-- Салык саясаты акырындык менен жөнгө салынууда. Калыстык иретинде айтып коюшубуз керек, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун мезгилинде жөнгө салынбаган салык саясаты азыр жолго түшүп калды. “Баары укмуш болуп кетти” дегенден алысмын, бирок иш кадимкидей оңоло баштады. Бул биринчиси. Экинчиси, “двойная бухгалтерия” жок болду. Көмүскө акчалар ачыкка чыкты. Бирок, “ашыкча салык салып казынаны көбөйтөбүз” деген ойдон кичине сак болушу керек. Өткөндө “кабат үйдө жашагандар электр энергиясын кымбат төлөсүн” деген жана “малга салык салыш керек” деген сунуш айтылды. Бул туура эмес. Көп кабаттуу үйдөгүлөрдүн баарынын эле телегейи тегиз эмес. Мал күткөндүн дагы өз түйшүктөрү бар. Малына жем, суу, чөп камдаш да оңой эмес. Өкмөт кызарган жерди эле үзүп алууну ойлобой, алгач элге шарт түзүшү керек. Ошондой эле жайында жаралчу сугат маселесине азыртан даярдык көрүп, Кеминдин, Чүйдүн, Ысык-Атанын, Ала-Арчанын, Кой-Таштын сууларын жөн эле агыза бербей, суу сактагыч куруп, жайында сууну максаттуу пайдаланууга аракеттер көрүлүшү зарыл. Болбосо суу таңкыстыгы жылдан-жылга күчөйт. Ошондой эле каналдарды жана жердин алдынан суу чыгарган скважиналарды курууну башташы керек. Болбосо, жайында ичерге да, сугатка да суу таппаган жагдай жаралат.
Ошондой эле дүркүрөп атып, токтоп калган тармактарды жандандыруунун жолун табуу шарт. Маселен, пандемиянын таасириби, же казактар Хоргосту куруп алганы үчүнбү, көп адам эмгектенген Дордойдо иш солгундап калды. Биз дагы мезгилден артта калбай, Кытай менен чектешкен Ат-Башыбы же Нарынбы, бир жерине биолаборатория куруп, Хоргостой чоң соода борборун ачышыбыз зарыл.
Ошондой эле “Made in Kyrgyzstan” деп биздин мамлекеттен тигилген кийимдер Казакстандын, Россиянын базарларында брендге айланган. Азыр ошону да басаңдатып алдык. Эмнеге баштагыдай талап болбой калганын таап, калыбына келтирүү абзел. Эң негизгиси, “кантип көп салык алып, казынаны толтурабыз?” дегенди ойлонбой, “элге жеңилдик беребиз” дегенди ойлоно турган жердебиз. Ишкерлерге, дыйкан, фермерлерге алгач жеңилдик берип, иши илгерилеп кетишине мамлекет да салым кошушу шарт. Пайда таап баштаганда анан салык алса жарашат. А бизде болсо, ишкананы бүгүн каттатсаң бир айдан кийин эле пайда тапкан-таппаганыңа карабай “салык төлө” дешет. Өкмөт салык алууну эле ойлобой, шарт түзүүнү да колго алышы керек.